Чүй облусун өнүктүрүүнүн 6 артыкчылыктуу багыты аныкталды – тизме

Аймак 28 Январь 2026 17:08
AF_00423.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
AF_00388.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
AF_00399.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
AF_00582.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 28.01.26. /Кабар/. Бүгүн Бишкекте президенттин Чүй облусундагы өкүлү Азамат Осмоновдун аймактагы ишкерлер менен жолугушуусу өттү.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, тараптар Чүй облусунун экономикалык жана социалдык өнүгүү маселелерин талкуулашты.

Өкүлдүн айтымында, бул жолугушуу ишкерлердин суроо-талабына жооп болуп саналат жана мамлекеттин бизнес менен өнөктөштүк мамилелерди курууга даярдыгын чагылдырат.

Осмонов бизнес коомчулук менен болгон диалогдо аймакты өнүктүрүүнүн алты негизги багытын атады:

  • "Чүй инвестиции";
  • "Чүй агро";
  • "Чүй туризм";
  • "Жашыл Чүй";
  • "Таза Чүй";
  • "Заманбап Чүй".

Ар бир багыт боюнча жумушчу топтор түзүлүп, андан аркы практикалык иштерди алып баруу үчүн координаторлор дайындалды.