Бишкек, 13.01.26. /Кабар/. Чүй облустук администрациясында президенттин Чүй облусундагы өкүлү Азамат Осмоновдун жетекчилиги алдында 2026-жылга карата иш-пландарды жана келечектүү долбоорлорду талкуулаган коллегия өтүүдө.
Облус жетекчиси алдыңкы жылдары аймакты системалуу жана комплекстүү өнүктүрүүгө багытталган негизги 6 долбоорду атады.
Алар:
- Чүй инвестиция
- Чүй агро
- Чүй туризм
- Жашыл Чүй
- Таза Чүй
- Заманбап Чүй
Азамат Осмоновдун айтымында, ар бир долбоор боюнча жумушчу топ түзүлүп, координаторлор дайындалган.
"Мисалы, биз облуска инвестор тартууда бир багытта системалуу түрдө иш алып барышыбыз керек. Инвесторлор аймакка кимдир бирөөлөр, үчүнчү тараптар аркылуу келбеши керек. Негизинен облуска инвестиция тартуу мүмкүнчүлүктөрү кеңири", - деди Осмонов.
Ал өз сөзүндө ар бир аталган долбоорго кеңири токтолуп, облустагы район, шаарлардын жетекчилигине конкреттүү тапшырмаларды берди.