Чүй облустук театры 36-театралдык сезонун ачты

Маданият 25 сентябрь 2026 10:00
WhatsApp Image 2026-09-25 at 09.31.49.jpeg
WhatsApp Image 2026-09-25 at 09.32.00.jpeg
WhatsApp Image 2026-09-25 at 09.32.13.jpeg
WhatsApp Image 2026-09-25 at 09.32.06.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-09-25 at 09.31.49.jpeg
WhatsApp Image 2026-09-25 at 09.32.00.jpeg
WhatsApp Image 2026-09-25 at 09.32.13.jpeg
WhatsApp Image 2026-09-25 at 09.32.06.jpeg
Алдыга
Артка

Бишкек, 25.09.26 /Кабар/. Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук музыкалык драма жана сатира театрынын 36-театралдык сезонун ачты. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, театралдык сезон А.Жокейдин чыгармасынын негизинде режиссёр Данил Турусбеков сахналаштырган “Сексендеги Сейненин 80-дискотекасы” комедиялык спектакли менен ачылды.

Ачылыш аземге министрдин орун басары Айбек Дайырбеков катышты. Ошондой эле театрдын директору Замир Тентиев сөз сүйлөп, чыгармачыл жамаатты жана көрүүчүлөрдү жаңы сезон менен куттуктады.

Жаңы сезондо театр көрүүчүлөргө жаңы спектаклдерди тартуулап, чыгармачылык долбоорлорун улантары айтылат.