Чүй облустук прокуратурасынын жаңы имараты курула баштады

Аймак 22 июль 2025 13:00
520856299_1064605245858527_6154861617451867571_n.jpg
521313055_1064605092525209_994268380474895814_n.jpg
521280616_1064605079191877_1150084339372870482_n.jpg
521328140_1064605145858537_1020246330947164910_n.jpg
Алдыга
Артка
520856299_1064605245858527_6154861617451867571_n.jpg
521313055_1064605092525209_994268380474895814_n.jpg
521280616_1064605079191877_1150084339372870482_n.jpg
521328140_1064605145858537_1020246330947164910_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Башкы прокуратура

Бишкек 22.07.25 /Кабар/. Бүгүн башкы прокурор Максат Асаналиев Чүй облустук прокуратурасынын жаңы административдик имаратынын курулушуна мезгил кутучасын салды.

Башкы прокуратурадан билдиришкендей, иш-чаранын жүрүшүндө башкы прокурор сөз сүйлөп, прокуратуранын негизги конституциялык милдеттери – мамлекеттик укуктук системаны чыңдоо, жарандардын мамлекеттик бийликке болгон ишенимин арттыруу жана өлкөдө мыйзамдын үстөмдүгүн камсыз кылуу экенин баса белгиледи.

Ал прокуратура кызматкерлеринен бул милдеттерди жогорку жоопкерчилик, кесипкөйлүк жана ыкчамдык менен аткарууну талап кылды. Ошондой эле кызматкерлердин эмгек шарттарын жакшыртуу, аларды социалдык жактан колдоо жана заманбап иштөө чөйрөсүн түзүү маселелерине мындан ары да өзгөчө көңүл буруларын билдирди.

Белгилей кетсек, өлкө жетекчилигинин колдоосу менен прокуратура органдарынын ишмердүүлүгүн жакшыртуу, алардын материалдык-техникалык базасын бекемдөө жана жарандарга көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын арттыруу максатында ири масштабдуу иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

2025-жылы республика боюнча прокуратура органдары үчүн 24 жаңы объекттин курулушу активдүү улантылууда. Алардын арасында административдик имараттар, кызматтык батирлер, ошондой эле кызматкерлердин жашоо жана эмгек шарттарын жакшыртууга багытталган башка социалдык маанидеги объекттер бар.