Чүй менен Осмонкул көчөлөрүндөгү насостук станциянын курулушу бир айда аяктайт

Коом Загрузка... 29 Май 2025 09:50
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 26.05.25. /Кабар/. Бишкек шаарынынын Чүй менен Осмонкул көчөлөрүнүн кесилишинде курулуп жаткан Жылуулук электр тармактарынын №3 насостук станциясы ишке кирсе шаардын батышындагы 30 миңге жакын абонентти жылуулук менен камсыздоо жакшырат. Бул тууралуу куруучу компания “Технотоп” ЖЧКсынын мастери Бектур Мейман уулу билдирди.

Анын айтымында, насостук станциянын курулуш иштери бир айдын тегерегинде бүткөрүлөт.

“Курулуп жаткан түтүктөр насостук станциянын жаңы трассасы. Бул жерде капиталдык оңдоо иштери жүрүүдө. Учурда насостук станциянын имараты курулуп, жээги бекемделип, 8 насос жана кран устуну орнотулду. Азыр станциянын ичине түтүктөр орнотулуп, 4 түтүк диаметри 1000 мм өтүүчү канал курулууда”,- деди Бектур Мейман уулу.

Эскерте кетсек, баш калаанын Осмонкул көчөсү менен Чүй проспектисинин кесилишиндеги жаңы насостук станциянын курулушунун долбоору 1990-жылдары пландаштырылган. Учурда курулуш иштери CRBC консорциуму жана "Технотоп" ЖЧКсы тарабынан жүргүзүлүүдө.