Чүй дарыясынын жээги бекемделүүдө: ӨКМ башчысы кооптуу тилкелерди текшерди

Аймак 26 Март 2026 12:12
659721815_1347789477393775_8879904067312587596_n.jpg
657272695_1347788954060494_4465658101128851354_n.jpg
658776916_1347789254060464_6802857631634013395_n.jpg
655753300_1347789344060455_7248800249017485348_n.jpg
656363718_1347789197393803_1558968968172835620_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Өзгөчө кырдаалдар министрлиги

Бишкек, 26.03.26. /Кабар/. Бүгүн өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Чүй облусунун башчысы менен биргеликте Чүй дарыясынын жээктериндеги эрозияга дуушар болгон тилкелерди текшерди.

ӨКМден билдиришкендей, министр дарыянын Кыргызстан тарабындагы жээктерин көрүп чыгып, тиешелүү тармактарга бекемдөө иштерин күчөтүүнү тапшырды.

Ал жээктер бекемделсе, айдоо талаалары корголуп, калктын жашоосуна зыян тийбей турганын баса белгиледи.

Белгилей кетсек, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан Сокулук районунун Төмөнкү-Чүй айыл аймагынан жана Аламүдүн районунун Сүймөнкул Чокморов айыл аймагынан агып өткөн Чүй дарыясынын жээгиндеги кооптуу тилкелердеги эрозияны токтотуу максатында жээктерди бекемдөө иши жүрүүдө.