Бишкек, 09.07.25. /Кабар/. 2025-жылдын июль айынан тартып Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгы жаңы режимде иштей баштады.
Юстиция министрлигинен билдиришкендей, жаңылануу жарандарга жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатын көздөйт.
1. Жарандарды кабыл алуу үчүн маалымат берүүчү кабинет ачылды
Эми жарандар юридикалык жактарды каттоо, кайра каттоо жана ишмердүүлүгүн токтотуу боюнча, ошондой эле башкармалыктын ыйгарым укуктарына кирген башка маселелер боюнча суроолоруна жооп ала алышат. Кабинетте мурда тапшырылган документтердин кароо абалы тууралуу да так маалымат алууга болот.
2. Документтерди кароонун жыйынтыктары жөнүндө маалымат берүү жаңы форматта жүргүзүлөт
Документтер текшерилген соң, маалымат, кайрылуучу көрсөткөн WhatsApp номер аркылуу билдирүү жөнөтүү жолу менен алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Андан тышкары жеке түрдө башкармалыктын маалымат берүү кабинетинен (110-кабинет) да алууга болот.
3. Жаңы байланыш номерлери ишке киргизилди
Туруктуу байланыш түзгөн жаңы IP-телефония номурлары киргизилди. Эми байланыш номери — 0312 59 06 22, жана бул номер аркылуу тиешелүү адиске түз туташса болот.
4. Жарандарды кабыл алуу тартиби иретке келтирилди.
Башкармалыктын адистери жарандарды күн сайын саат 09:00дөн 14:00гө чейин кабыл алышат. Мындан сырткары, өзүнчө адистер тарабынан белгиленген график боюнча оозеки консультацияларды өткөрүү каралган. Бул калк менен так жана натыйжалуу иш алып барууга өбөлгө түзөт.
5. Жарандар менен өз ара аракеттенүүнүн тартиби жөнөкөйлөштүрүлдү
Кезек күтүүлөрдү болтурбоо үчүн электрондук кезек системасы киргизилди. Ошондой эле документтерди тапшыруу, арыздарга коюлуучу талаптар жана башка маалыматтар боюнча кадам-кадам көрсөтмөлөрдү камтыган маалымат тактасы жаңыртылып жайгаштырылды.
6. Адистердин ишин уюштуруу
Жарандарды кабыл алуу жана консультация берүү иштери ички бекитилген графиктин негизинде жүргүзүлөт.
Жаңы иш форматынын киргизилиши юстиция органдарынын ачыктыгын жана ыкчамдыгын жогорулатууга багытталган.
Кошумча маалымат алуу үчүн байланыш:
Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгы
Бишкек шаары, Горький көч., 25
Тел.: 0312 59 06 22