Чүй агроөнөр жай аймагы негизделип, 24 млн долларлык келишимге кол коюлду

Экономика 14 июль 2025 09:45
5444968343560909374.jpg
5444968343560909400.jpg
5444968343560909445.jpg
5444968343560909444.jpg
5444968343560909441.jpg
5444968343560909401.jpg
5444968343560909388.jpg
5444968343560909385.jpg
5444968343560909377.jpg
капсула.jpeg
55ad0a8e-ca48-4402-83d5-77642caf6c53.jpeg
8acab99d-ed19-4796-a414-6e417138ba83.jpeg
2e1065a7-069b-4ada-b9ea-4c36c424b748.jpeg
Алдыга
Артка
5444968343560909374.jpg
5444968343560909400.jpg
5444968343560909445.jpg
5444968343560909444.jpg
5444968343560909441.jpg
5444968343560909401.jpg
5444968343560909388.jpg
5444968343560909385.jpg
5444968343560909377.jpg
капсула.jpeg
55ad0a8e-ca48-4402-83d5-77642caf6c53.jpeg
8acab99d-ed19-4796-a414-6e417138ba83.jpeg
2e1065a7-069b-4ada-b9ea-4c36c424b748.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 14.07.25. /Кабар/. Ысык-Ата районунда Чүй агроөнөр жай аймагынын негизделишине байланыштуу капсула салуу аземи өттү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, долбоор "Кыргыз Агрохолдинг" ААК тарабынан ишке ашырылууда.

Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев баштаган мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, инвесторлор, чет элдик өнөктөштөр жана жергиликтүү тургундар катышты.

Төрөбаевдин айтымында, ири долбоор президент Садыр Жапаровдун демилгеси жана тапшырмасы менен ишке ашууда.

"Бул — министрлер кабинетинин негизги багыты жана жалпы мамлекеттик саясатка – айыл чарбасын колдоого алуу, агроөнөр жай комплексин модернизациялоо жана өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатына шайкеш келет", - деп ал.

Аталган агроөнөр жай аймагы Кыргызстандын агроөнөр жай мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүүгө багытталган ири инвестициялык долбоордун башталышы катары белгиленди.

Иш-чарада долбоорду андан ары өнүктүрүүгө чоң түрткү бере турган эки маанилүү келишимге кол коюлду:

  1. "Кыргыз Агрохолдинг" ААК менен Түштүк Кореянын DOD Company компаниясынын ортосунда 12 млн доллар өлчөмүндөгү инвестициялык келишим. Бул келишим эт багытындагы мал чарбасын өнүктүрүү, логистика жана заманбап агрардык технологияларды киргизүү боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну карайт.
  2. "Кыргыз Агрохолдинг" ААК менен "Асыл Тери" ЖЧК ортосунда жалпы суммасы 12 млн долларды түзгөн негизги (рамкалык) келишим. Бул келишим айыл чарба жаныбарларынын терисин кайра иштетүү, атап айтканда, суткасына 24 тонна терини кайра иштете турган тери заводун куруу, экспорттук мүмкүнчүлүктөр жана жаңы жумуш орундарын түзүү багыттарын камтыйт.

"Чүй агроөнөр жай аймагы" Кыргызстандын агрардык секторуна инвестиция тартуу, айыл чарба продукциясынын кошумча наркын көбөйтүү жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо стратегиясын ишке ашырууда негизги элемент болуп калат.