Чирибеген торлор жана тонналаган таштанды: Ысык-Көлдү тазалоо иштери уланууда

Аймак Загрузка... 15 Январь 2026 11:00

Бишкек, 15.01.26. /Кабар/. 2023-жылдын март айынан бери Ысык-Көлдү тор жана таштандылардан тазалоо иштери тынымсыз уланууда. Андан бери суучулдар көлдүн түбүнөн тонналаган таштандыларды жана чиримек түгүл, бычак менен кесилбеген синтетикалык торлорду алып чыгышууда. Өзгөчө Ысык-Көл, Тоң, Жети-Өгүз, Түп райондорунан торлор көп чыгарылды.

Бул демилге президент Садыр Жапаров тарабынан көтөрүлүп, бүгүнкү күнгө чейин жеке көзөмөлүндө турат. Көлгө тор ыргытып, ток салып балык кармагандарга катаал чаралар көрүлүүдө.

Белгилей кетсек, көлдү тазалоо аракеттеринин негизги максаты экосистеманы коргоо жана мыйзамсыз балык уулоонун алдын алуу болуп саналат.