Чхонджуда "Кыргыз кийиз касиети" аттуу көргөзмө ачылды

Маданият 05 Сентябрь 2025 10:50
542528454_1079513551007067_7702945009439669944_n.jpg
541967389_1079513797673709_4143102259556285395_n.jpg
542086705_1079513724340383_1483254636086838066_n.jpg
543002874_1079513597673729_7537039695560806560_n.jpg
515278103_1079513777673711_4364785829864099845_n.jpg
541642311_1079513591007063_1845026153237051552_n.jpg
544428630_1079513764340379_1958700719131064105_n.jpg
541986454_1079513644340391_8438227478840185974_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги

Бишкек, 5.09.25 /Кабар/. Ушул жылдын сентябрь айынан тарта Кореяда өтүп жаткан Чхонджу эл аралык кол өнөрчүлүк биенналесинин алкагында Кыргызстандын “Кыргыз кийиз касиети” аттуу атайын көргөзмөсү ачылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, көргөзмөнүн ачылыш аземинде КР маданият министри Мирбек Мамбеталиев катышып, уюштуруучуларга ыраазычылык билдирди. Ал кыргыз кийизи ата-бабалардан калган баалуу мурас, улуттук турмуштун жана руханий дүйнө таанымдын символу экенин белгилеп, көргөзмө Кыргызстанды дүйнөлүк маданий мейкиндикке таанытууда маанилүү экенин айтты.

Белгилей кетсек, көргөзмөдө кийиздин тарыхый жана маданий орду, улуттук оюм-чиймелердин маңызы көрсөтүлүп, коноктор кыргыз элинин уникалдуу мурастары менен таанышууга мүмкүнчүлүк алышты.