Бишкек, 09.05.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин дарегине чет мамлекеттердин өкмөт башчыларынан Жеңиш күнүнө карата куттуктоолор келип түштү.
Беларусь премьер-министри Александр Турчиндин куттуктоосу
“Бул ыйык майрам – элибиздин биримдигинин символу, советтик жоокерлердин эрдиги менен сыймыктануу, ошондой эле ачуу оор кыйынчылыктарды жана миллиондогон курмандыктарды эскерүү. Биздин жалпы тарыхый эс-тутумубузга бек болуп, ортобуздагы достук мамилелерди мындан ары да өнүктүрүүгө умтулабыз. Беларусь Республикасы менен Кыргыз Республикасы өнөктөштүк деминде жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты улантабыз”, — деп белгиленген телеграммада.
Казакстандын премьер-министри Олжас Бектеновдун куттуктоосу
“Бул атактуу күн улуу эрдиктин жана баатырдыктын символу болуп, Жеңишке фронтто да, тылда да салым кошкон ата-бабаларыбыздын эрдиктери келечек муундар үчүн түбөлүккө жаркын үлгү болуп кала берет. Казакстан менен Кыргызстандын элдерин жалпы тарых, бир туугандык жана бири-бирин колдоонун бекем салттары бириктирип турат. Өлкөлөрүбүздүн ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары да чыңдоо үчүн бекем негиз болуп саналат деп ишенем”, - деп айтылат куттуктоодо.
Россия Федерациясынын өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустиндин куттуктоосу
“Жеңиш күнү — биздин бир тууган элдерибиздин ыйык майрамы, советтик жоокерлер жана тыл эмгекчилери азап-тозоктордун күнү менен, эркиндикти жана келечек муундардын тынч жашоо укугун коргошту. Аскердик сыноолордун катаал жылдарын башынан кечирген бекем достук мындан ары да Россия Федерациясы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү жана союздашты тереңдетүүгө бекем негиз болуп кызмат кыла берерине ишенем”, - деп айтылат куттуктоодо.
Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзоданын куттуктоосу
“Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорубузду кабыл алыңыз.
9-май — бул болуп көрбөгөндөй ыйык дата, жоокерлерибиз эрдиги чексиз, алар эркиндикти жана көз каранды эместикти коргоду. Эбегейсиз курмандыктардын жана эрдиктин баасы менен жетишилген бул жеңиш биримдиктин, эрдиктин жана кайраттуулуктун далили катары биздин жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат. Тажикстан Республикасы достук мамилелерди жогору баалайт, Кыргыз Республикасы менен жакшы салттарга, өз ара урматтоого, ишенимге жана жалпы умтулууга негизделген мамилелерди чыңдай берет”, — деп белгиленген телеграммада.
Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Ариповдун куттуктоосу
“Фашизмди жеңген Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына карата чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорумду кабыл алыңыз. Ушул даңктуу күнү биз согуш жылдарында, фронтто жана тылда эркиндик жана адилеттик үчүн күрөштө теңдешсиз эрдикти жана кайраттуулукту көрсөткөндөрдүн бардыгына таазим этип, терең ыраазычылык билдиребиз. Биздин бир тууган элдерибиз өздөрүнүн куч-аракеттерин бириктирип, бардыгын татыктуу жеңип алышты согуштун оор сыноолорунан өтүп, жалпы Жеңишке жетишүүгө баа жеткис салым кошушту. Ата-бабаларыбыздын эрдиги түбөлүктүү жаркын символ болуп кала берет чексиз кайраттуулук жана жан аябастык, тынчтыктын жана өз ара урматтоонун баалуулугун эскертет”, - деп айтылат куттуктоодо.