Касымалиев: Ысык-Көлдөгү айланма жол 2-3 жылда толук бүтөт

Министрлер кабинети Жүктөлүүдө... 04 Август 2026 15:00
IMG_8415.JPG (1).jpeg
copyright icon Кабар

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 04.08.26. /Кабар/. Ысык-Көл облусу туристтик аймактан тышкары ири эл аралык иш-чараларды өткөрүүчү борборго айланып бара жатат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев "Кабар подкастка" берген маегинде билдирди.

Касымалиевдин айтымында, жакынкы күндөрдө Чолпон-Атада Борбор Азия жана Азербайжан мамлекет башчыларынын бейформал жолугушуусу, ошондой эле суу-мотор спорту боюнча дүйнө чемпионатынын этабы сыяктуу эл аралык иш-чаралар өткөрүлүп, бул аймактын инфраструктурасына болгон талапты күчөттү.

Минкаб төрагасы белгилегендей, учурда Ысык-Көлдүн айланма жолун жаңылоо иштери этап-этабы менен жүргүзүлүүдө. Корумду айылынан Балбай баатыр айылына чейинки жол бүткөрүлүп, жакын арада Балбай баатырдан Каракол шаарына чейинки тилкенин курулушу башталат. Андан соң Каракол – Барскоон жана Барскоон – Балыкчы багытындагы жолдор жаңыланып, 2-3 жыл ичинде көлдү айланган жолду толук бүтүрүү пландалууда.

Мындан тышкары, Касымалиев Чолпон-Ата шаарына чейин темир жол куруу долбоору да каралып жатканын айтты.

Ошондой эле министрлер кабинетинин төрагасы ири иш-чаралар учурунда коопсуздукту камсыздоо максатында киргизилген жол чектөөлөрүнө байланыштуу туристтерден жана жергиликтүү тургундардан жаралган убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурады.

Минкаб башчысынын айтымында, жаңы айланма жолдор келечекте унаа тыгындарын кыйла азайтууга мүмкүндүк берет.