Бишкек, 30.11.25. /Кабар/. Чет өлкөлөрдө биринчи болуп ачылган шайлоо тилкеси жумушун аяктады.
Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, Бишкек убактысы боюнча саат 14:00дө Петропавловск-Камчатск шаарындагы шайлоо тилкеси өз ишин жыйынтыктады. Бул жерде добуш берүүгө келген жарандардын саны 182 адамды түздү.
Учурда Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө, анын ичинде Россия, Түркия, БАЭ, Сауд Арабиясы, Улуу Британия, Венгрия, Германия, Австрия, Чехия, Словакия, Италия, Бельгия, Швейцария, Франция жана башка мамлекеттерде жайгашкан 92 шайлоо тилкесинде добуш берүү уланып жатат.
Азыркы тапта добуш берген Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпы саны 8592 адамды түзүүдө.