Чет өлкөлөрдө 71 шайлоо тилкеси түзүлдү. Даректери

Шайлоо Загрузка... 24 Октябрь 2025 09:55
WhatsApp Image 2025-10-03 at 08.14.38 (3).jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 24.10.25. /Кабар/. Кыргызстандын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу максатында, учурда чет өлкөлөрдө жашаган жана жүргөн жарандар үчүн 71 шайлоо тилкеси түзүлүп, бекитилди.

Борбордук шайлоо комиссиясынан маалымдашкандай, бардык чет өлкөдөгү шайлоо тилкелеринин даректери белгилүү болду. Эми жарандарга өздөрүнө эң жакын жайгашкан шайлоо тилкесин табууга жана анын дареги тууралуу так маалымат алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Төмөнкү чет өлкөлөрдө шайлоо тилкелери ачылган:

  • Россия – 22,
  • Түркия – 8,
  • Казакстан – 2,
  • АКШ – 6,
  • Корея Республикасы – 3,
  • Италия – 2,
  • Германия – 2,
  • Кытай – 2,
  • Бириккен Араб Эмираттары (БАЭ) – 2.

Мындан тышкары, төмөнкү өлкөлөрдүн ар биринде бирден шайлоо тилкеси ачылган: Сауд Аравиясы, Австрия, Чехия, Словакия, Өзбекстан, Улуу Британия, Беларусь, Венгрия, Бельгия, Франция, Кувейт, Япония, Катар, Азербайжан, Тажикстан, Түркмөнстан, Швейцария, Малайзия, Пакистан, Индия, Иран жана Монголия.

Өлкөлөрдүн жана шаарлардын аталышы, даректери менен кошо толук тизмеси төмөнкү шилтемеде. Андан өлкөнү тандап, шайлоо тилкесинин так жайгашкан жерин билсеңиз болот.