Чет өлкөлүктөргө жол эрежесин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө

Коом Загрузка... 10 Июль 2026 12:45
copyright icon ЖКККББ

Бишкек, 10.07.26. /Кабар/. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы өлкөдөгү чет өлкөлүк жарандардын жол коопсуздугу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Ведомствонун маалыматына караганда, чет өлкөлүк мейманга Кыргызстандын жол кыймылынын эрежелерин так сактоо, өлкөдөгү жол кыймылынын өзгөчөлүктөрү жана айдоочулар менен жөө жүргүнчүлөрдүн жоопкерчилиги тууралуу кеңири маалымат берилдип жатат.

ЖКККББ Кыргызстандын аймагында жүргөн бардык чет өлкөлүк жарандарды өлкө мыйзамдарын урматтоого, жол эрежелерин так сактоого жана жолдо өз ара маданияттуулукту көрсөтүүгө чакырат.