Чет өлкөлүк жумушчулар иштеген курулуш объектилери текшерилүүдө

Коом Загрузка... 16 Июль 2026 12:55

Бишкек, 16.07.26 /Кабар/. Курулуш объектилеринде эмгектенген чет өлкөлүк куруучуларга мыйзам талаптарын сактоо жана укук бузуулардын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Курулуш министлигинен билдиришкендей, акыркы мезгилде айрым курулуш объектилеринде чет өлкөлүк жарандардын катышуусунда коомдук тартипти бузуу, мыйзамсыз аңчылык жана балык уулоо, коомдук жайларда спирт ичимдиктерин колдонуу сыяктуу мыйзам талаптарына каршы аракеттер катталган учурларга байланыштуу алдын алуу иштери күчөтүлдү.

Аталган иш-чаралар өлкөнүн бардык аймактарындагы бир катар курулуш объектилерин камтыды.

Алсак:

  • Бишкек шаарындагы Токтоналиев көчөсү 165 дарегинде жайгашкан көп кабаттуу турак жай комплекси, Бакаев 37 дарегинде жайгашкан 12 кабаттуу турак жайдын курулушу;
  • Ош шаарынын Б. Осмонов көчөсүндө курулуп жаткан "Эне-Сай CITY" турак жай комплекси, Ноокат трактынын 8-чакырымындагы 27а/1а дарегинде курулуп жаткан таштандыны кайра иштетүүчү завод, Ташкент көчөсү 50 дарегиндеги С. Жигитов атындагы мектеп, Баялинов көчөсү 1 дарегинде жайгашкан "Ош Нуру" мейманканасы, Өзгүр айылында курулуп жаткан бетон заводу, Кең-Сай массивинде курулуп жаткан кыш заводу;
  • Талас облусундагы Суусамыр–Талас–Тараз автоунаа жолун реконструкциялоо иштерин жүргүзүп жаткан подряддык уюмдар;
  • Баткен облусундагы Кара-Бак айыл аймагына караштуу Кара-Дөбө айылындагы кыш өндүрүүчү заводдун курулушу, Лейлек районунун Булак-Башы айылында жайгашкан автоклавдык газоблок өндүрүүчү эко-завод;
  • Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Барскоон–Каракол, Балыкчы-Бөкөнбаев-Барскоон автожолунда иш алып барып жаткан подряддык уюмдар, Каракол жана Балыкчы шаарында курулуп жаткан МИКте иштеген куруучулар, Каракол шаарындагы спорт комплекси;
  • Ош облусунун Ноокат районундагы Борбаш айылынын Кара-Дөбө участкасындагы кыш заводунун курулушу, Кара-Суу районундагы Баш-Булак айылында курулуп жаткан 2 тилкелүү май куюучу жай, Кара-Суу району Садырбай-Каратай автожолунун курулушу, Савай айыл аймагына караштуу Курбан-Кара айылындагы 100 орундуу бала бакчанын курулушу, Ынтымак айыл аймагына караштуу Жаңы-Арык айылындагы Отуз-Адыр каналын реконструкциялоо, Чоң-Алай райондук А.Молдоболотов атындагы жугуштуу оорулар бөлүмүнүн жана лабораториясынын курулушу (ЦОВП), Чоң-Алай райондук Социалдык фонд башкармалыгынын имаратынын курулушу;
  • Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы контур 77, 398, 403, 396 жана 399 аймактарындагы курулуш объектилери;
  • Жалал-Абад шаарындагы Барпы-Сейил жана Абдрахманов көчөлөрүндө курулуп жаткан 16, 10 кабаттуу "Асман Резиденс" турак жай комплекси, Аттокуров көчөсүндөгү Муниципалдык базардын курулушу, Сузак районунда курулуп жаткан Кыргызстан–Кытай–Өзбекстан темир жолу;
  • Нарын облусу, Жумгал районундагы Миң-Куш айылынын Ак-Улак көмүр кени, Сары-Булуң жолунун курулушу, Жаңы-Жол тилкесиндеги канализациялык курулма жана Ак-Кыя участогундагы бетон заводунун курулушу, Нарын шаары Ленин көчөсү 97/1 дарегинде жайгашкан "Тянь-Шань" турак жай комплексинин курулуш объектиси.

Жолугушуулардын жүрүшүндө чет өлкөлүк жумушчуларга Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын сактоо, коомдук тартипти бузбоо, ошондой эле мыйзамсыз аңчылык, балык уулоо жана башка укук бузууларга жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.