Бишкек, 22.05.26. /Кабар/. Чет өлкөлүк инвесторлорго карата өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылык кылууга шектелгендер кармалды.
Атайын кызматтан билдиришкендей, Ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында кылмышка шектүү катары К.Ж.А. жана А.К.Т. аттуу жарандар кармалды.
Учурда бул факт боюнча "Өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык" беренеси боюнча кылмыш иши козголду.
Белгиленгендей, азыркы тапта аталган кылмышка тиешеси бар башка бардык адамдарды аныктоо, ошондой эле ушул сыяктуу башка мыйзамсыз фактыларды ачыкка чыгаруу боюнча зарыл болгон тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.