Чет өлкөгө мыйзамсыз жумушка чакырган аккаунттар аныкталды

Коом
Чет өлкөгө мыйзамсыз жумушка чакырган аккаунттар аныкталды
copyright icon WWW

Бишкек, 20.10.26. /Кабар/. Кыргызстандыктарды чет өлкөгө жумушка орноштуруу боюнча уруксат документтери жок жарнама жүргүзгөн беш Instagram аккаунту аныкталды.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, тиешелүү материалдар укуктук баа берүү үчүн укук коргоо органдарына жөнөтүлдү.

Алар:

  • lavorokg;
  • nurpaiz_job;
  • siu_visa, visa_hub.kg;
  • spekup.kg.

Министрлик жарандарды чет өлкөгө жумушка орношуудан мурда уруксат документтерин текшерүүгө чакырат. Мыйзамдуу агенттиктердин тизмеси migrant.kg сайтында жайгашкан.

Алдамчылыкка кабылган жарандар 1899 номери аркылуу кабарлап же press@migrant.kg электрондук дарегине кайрылышса болот.