Чет өлкөгө жумушка орноштурабыз деген шылуундар пайда болгону айтылды

Коом Загрузка... 18 Сентябрь 2025 12:35
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Бишкек, 18.09.25 /Кабар/. Акыркы убакта чет өлкөгө жумушка орноштуруу шылтоосу менен алдамчылык кылгандар көбөйдү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Чет өлкөгө жарандарды жумушка орноштуруу борборунун директору Бактыбек Кудайбердиев "Биринчи радионун" эфиринде билдирди.

Анын айтымында, көпчүлүк жарандар чет жакка чыгаар алдында жумуш издөөгө байланыштуу маалыматты интернеттен, анын ичинде Facebook жана Instagram сыяктуу социалдык тармактардан издешет. Дал ошол жерлерде, негизинен, жалган убада берген шылуундар иш алып барышат. Алар көп учурда 3,5–4 миң долларлык маяна убада кылышат.

"Бул жалган маалымат. Биздин өнөктөштөр жана расмий иш берүүчүлөр так талаптар менен иштешет. Биринчиден, курак чеги так аныкталган: 18 жаштан 35–40 жашка чейинкилер гана. Ал эми шылуундар болсо 50–60 жаштагы адамдарга да жумуш таап беребиз деп ишендиришет. Экинчиден, алардын айтканындай чоң айлык маяналар чындыка дал келбейт. Чыныгы төлөм 1000ден 1500 еврого чейин. Эгер адам кесипкөй адис болуп, тил билсе жана тажрыйбасы болсо, анда 3000 еврого чейин табууга мүмкүн", — деп белгиледи Кудайбердиев.

Ал кошумчалагандай, Улуу Британияга кыргыз жарандарын жөнөтүү ишин учурда мамлекеттик программанын алкагында Чет өлкөгө жарандарды жумушка орноштуруу борбору гана жүргүзөт.

"Жеке агенттиктерге Англияга жумушка орноштуруу укугу берилген эмес. Ошондуктан жарандар өзгөчө этият болушу керек жана шылуундарга алданып калбашы керек", — деди Кудайбердиев.