Бишкек, 08.09.26. /Кабар/. Чет өлкөдө эмгектенип жүргөн Кыргызстандын жарандары үчүн мамлекеттик пенсиялык камсыздандыруу тутумуна аралыктан катышууга толук шарт түзүлдү. Эми мекендештер мекенинен алыс жүрүп эле ыктыярдуу камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөп, келечектеги пенсиялык укуктарын камсыздай алышат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өткөргөн аппараттык кеңешменин жүрүшүндө "Өкмөттүк акселераторлор" аттуу 100 күндүк программанын алкагында ишке ашырылган реформалардын жыйынтыгын чыгарган жыйында белгилүү болду.
Бул багытта буга чейин бир катар административдик тоскоолдуктар орун алган эле. Атап айтканда, Салык төлөөчүнүн кабинетине кирүү үчүн жарандар аймактык салык органына милдеттүү түрдө жеке өзү барышы керек болчу. Ошондой эле банк карталары аркылуу аралыктан төгүм төлөө мүмкүнчүлүгү болбой, "Түндүк" тиркемеси аркылуу электрондук кол тамга алууда дагы айрым ыңгайсыздыктар жаралчу.
Жүргүзүлгөн реформанын натыйжасында бул чектөөлөр толугу менен жоюлду. Чет өлкөдө жүргөн Кыргызстандын жарандарына эми мобилдик "Түндүк" тиркемеси аркылуу катталууга жана электрондук кол тамга алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.
Ошондой эле Салык төлөөчүнүн кабинетине дистанциялык кирүү камсыздалып, анда ыктыярдуу пенсиялык камсыздандырууну тариздөөгө жана тиешелүү камсыздандыруу полисин сатып алууга жол ачылды.