Чет өлкөдө 26 миңден ашык кыргызстандык добуш берди – ТИМ

Шайлоо Загрузка... 01 Декабрь 2025 12:04
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 01.12.25. /Кабар/. Чет өлкөлөрдө добуш берүүгө катышкан кыргызстандыктардын жалпы саны 26 миң 66 адамды түздү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, добуш берүү күнү тынч жана конструктивдүү маанайда өттү. Жарандар чет өлкөдө жүргөн шартта да өздөрүнүн конституциялык добуш берүү укугун пайдалануу менен жогорку жарандык жоопкерчиликти жана жигердүүлүктү көрсөтүштү.

Тышкы иштер министрлигинин штабы чет өлкөдөгү шайлоо тилкелеринин ишин күнү-түнү көзөмөлдөп, жарандардын кайрылууларына ыкчам жооп берүүнү камсыздады.

Белгилей кетсек, күн мурун Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү. Парламенттеги 90 орунга 460 талапкер ат салышты. Добуш берүү үчүн өлкө аймагы боюнча 2492, чет мамлекеттерде 100 шайлоо тилкеси ачылды. Аралыктан добуш берүүгө 27 шайлоо тилкеси уюштурулду.