Чет өлкөдө 100 шайлоо тилкеси ачылат

Шайлоо Загрузка... 08 Октябрь 2025 10:50
WhatsApp Image 2025-10-08 at 11.04.52.jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 08.10.25. /Кабар/. Чет өлкөдө 100 шайлоо тилкеси ачылат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, учурда чет өлкөлөрдө 51 шайлоо участогу ачылган.

"Биз жарандардын шайлоо укугун камсыздап берүү үчүн дагы 49 шайлоо тилкесин ачкан жатабыз. Муну менен жалпысынан чет өлкөлөрдө 100 шайлоо тилкеси болот", - деди ал.

Ошондой эле Тынчтык Шайназаров белгилегендей, шайлоочулар тизмеден өзүн 19-ноябрга чейин такташы керек.

Белгилей кетсек, өлкөдө 30-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтөт. Ар бир округда үч мандат үчүн талапкерлер ат салышат. Парламентке 30 округдан 90 депутат шайланып келет.