Чет элдиктерге миграциялык мыйзамдар жана салт-санаалар түшүндүрүлдү – ИИМ

Коом 21 Июль 2026 16:30
751611428_1433813345434329_3698105342113349922_n.jpg
750785225_1433814465434217_3519205328111421741_n.jpg
752178001_1433814612100869_5684146766608492799_n.jpg
752497574_1433814505434213_506862903678048854_n.jpg
Алдыга
Артка
751611428_1433813345434329_3698105342113349922_n.jpg
750785225_1433814465434217_3519205328111421741_n.jpg
752178001_1433814612100869_5684146766608492799_n.jpg
752497574_1433814505434213_506862903678048854_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon ИИМ

Бишкек, 21.07.26. /Кабар/. Кыргызстанда иштеген чет элдиктерге миграциялык мыйзамдар жана салт-санаалар түшүндүрүлдү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Ведомствонун маалыматына караганда, түшүндүрүү иштери Тышкы иштер министрлиги, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жана Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинин өкүлдөрү менен биргеликте уюштурулду.

Иш-чара миграциялык мыйзамдарды бузуулардын алдын алуу жана чет элдик жарандардын укуктук маалымдуулугун жогорулатуу максатында уюштурулган.

"Анда чет элдиктерге Кыргызстандын миграциялык мыйзамдарынын талаптары, чет өлкөлүк жарандардын эмгек ишин жүргүзүү тартиби, ошондой эле укуктары жана милдеттери түшүндүрүлдү", - деп айтылат маалыматта.

Жолугушууда мыйзамдарды так сактоого, өлкөнүн салттарына жана маданиятына урматтоо менен мамиле кылууга, коомдук тартипти жана жол эрежелерин сактоого, ошондой эле өзгөчө кырдаалдар жаралган учурда компетенттүү мамлекеттик органдарга өз убагында кайрылуунун зарылдыгына өзгөчө көңүл бурулду.