Бишкек, 09.10.26. /Кабар/. Бишкекте “Бишкек Арена” стадионунун курулуп, ишке берилишине кубанычтамын. Эми биз чет элдик конокторду татыктуу тосуп ала алабыз. Бул тууралуу Бишкек шаарынын тургуну Аида Ташиева “Кабар” агенттигине билдирди.
Ал ошондой эле акыркы убакта Кыргызстанга келген туристтердин саны кыйла көбөйгөнүн белгиледи. Анын айтымында, өлкө бир орунда турбастан, жигердүү өнүгүп жатат: жаңы турак үйлөр курулуп, жолдор салынып, заманбап инфраструктура түзүлүүдө.