Бишкек, 06.11.26. /Кабар/. Бишкек шаарындагы Фрунзе көчөсүндө жайгашкан 24 кабаттуу турак жай комплексинде текшерүү жүргүзүлүп, курулуш компаниясына эскертүү берилди. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, текшерүүгө 1-ноябрда аталган объектте бетон куюучу насостун түтүгү жарылып, анын чачырандылары жанындагы аймакка түшкөн окуя себеп болгон. Мындан жергиликтүү тургундарга ыңгайсыздык жаралган.
Окуядан кийин курулуш компаниясы тургундарга келтирилген зыяндын ордун өз ыктыяры менен толтурган.
Текшерүүнүн жыйынтыгында “Центрально-Азиатская компания “Дуньян” ЖЧКсына эскертүү берилип, коопсуздук талаптарын сактоо боюнча милдеттүү көрсөтмөлөрдү тапшырылды.