Бишкек, 05.11.26. /Кабар/. Кыргызстанда 5-ноябрдан тарта автоунаалардын алдыңкы каптал айнектерин караңгылатууга (тонировка) уруксат алуу үчүн төлөнүүчү жыйымдын өлчөмү убактылуу төмөндөтүлдү.
Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Резидент жеке жактар үчүн төлөм 50 миң сомдон 25 миң сомго чейин арзандады. Жеңилдетилген тарифтер 2026-жылдын 5-декабрына чейин күчүндө болот.
Жеңилдик берилген мезгилде төмөнкү тарифтер белгиленди:
- Жеке жактар үчүн — 25 миң сом (буга чейин 50 миң сом болгон);
- Юридикалык жактар үчүн — 50 миң сом (буга чейин 70 миң сом болгон);
- Резидент эместер үчүн — 70 миң сом (буга чейин 90 миң сом болгон);
Электромобилдер үчүн төлөмдүн өлчөмү ээсинин категориясына жараша өзүнчө белгиленген.
Эске салсак, уруксат бир жылдык мөөнөткө берилет.