Энергетикалык суусундуктар жаштарды кантип ууландырууда?

Коом
Энергетикалык суусундуктар жаштарды кантип ууландырууда?
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Кыргызстанда энергетикалык суусундуктардын адамдын ден соолугуна тийгизген терс таасири адистер тарабынан байма-бай айтылып келет. Бүгүн президент Садыр Жапаров энергетикалык суусундукту өндүрүүгө жана өлкөгө импорттоого тыюу салуу маселесин карап чыгууну тапшырды. Эми министрлер кабинети энергетикалык суусундуктарды өндүрүүгө жана өлкөгө киргизүүгө тыюу салуу маселесин 1 айлык мөөнөттө карап чыгат. Ал эми 6 ай аралыгында мыйзам менен жөнгө салынышы зарыл. Коомдук саламаттыкты сактоодо оорулардын кесепеттерин дарылоого караганда, алардын алдын алуу өзгөчө мааниге ээ. Бул маселеге өлкө башчысы өзү токтолуп жатса, демек бул маселе чынында көйгөйлүү. "Кабар" агенттиги дени сак муундун саламаттыгына терс таасирин тийгизип жаткан энергетикалык суусундуктун зыяны туурасында айтып берет.

Бүгүнкү күндө энергетикалык суусундуктарды күн сайын ичип, ага көз каранды болуп калган жаштар көбөйүүдө. Жада калса эртең мененки тамакты энергетикалык суусундук ичүүгө алмаштыргандар четтен чыгат. Курамында зыяндуу заттар бар бул суусундук адамдын убактылуу "маанайын" көтөргөнү менен анын организмге тийгизген олуттуу таасири андан да коркунучтуу.

Акыркы убактарда энергетикалык суусундуктардын ден соолукка тийгизген зыяны кескин күчөп, чоң кооптонууларды жаратууда. М. Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун гастроэнтерелог-дарыгери Мамираим Жумабаев “Кабар” агенттигине энергетикалык суусундуктардын ден соолукка тийгизген зыяны тууралуу айтып берди.

Негизги кооптуу жагдайлар жана таасирлер

  • Глюкоза (8-10 кашык) жана кофеин бир убакта ашыкча өлчөмдө кабыл алынгандыктан организмге олуттуу зыян алып келет.
  • Жүрөк-кан тамыр системасы: Ичкен учурда же кийинчерек жүрөк ооруларын пайда кылып, олуттуу көйгөйлөргө алып келет.
  • Неврологиялык таасирлер: Тынчсыздануу, ал эми 5-6 банкага чейин ичкендерде галлюцинация сыяктуу нерселер байкалат.
  • Бөйрөккө тийгизген таасири: Бөйрөктүн иштеши бузулат.

Дарыгердин айтымында, Улуттук кардиология борборуна кайрылгандардын ичинен бөйрөгүнөн жабыркагандар жана инфаркт болуп келген жаштардын арасында ушул энергетикалык суусундуктарды колдонгон учурлар кездешет.

“Адамдар ичип жаткан энергетикалык суусундуктарды зыян катары кабыл алышпайт. Эгерде ооруп калса, дал ушул энергетикалык суусундуктун айынан ооруп калдым деп ойлобойт. Бирок тилекке каршы, курамында зыяндуу заттар бар суусундук адамдын ден соолугуна акырындап терс тасирин тийгизет. Жаштар бүгүнкү күн менен жашап, суусундукту ичип жатат, бирок зыяндуу заттар алардын эртеңки жашоосун уурдап жатканын билишпейт. Энергетикалык суусундук жүрөктүн иштешинин жана нерв системасынын бузулушуна, кан басымдын жогорулашына, уйкусуздукка, кант диабетине чалдыгууга кептеп, тамак сиңирүүнү да кыйындатат”, - деди дарыгер.

Талдоолор көрсөткөндөй, былтыр Кыргызстанда энергетикалык суусундуктарды ички керектөөнүн көлөмү 54 млн литрден ашкан. Ал эми жыл башынан бери эле 36 млн литрдей энергетикалык суусундук чыгарылган.

Энергетикалык суусундукту өндүрүүдөн түшкөн салык жана бажы төлөмдөрү 2025-жылы 1 млрд 104 млн 100 миң сомду, ал эми 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында 996 млн 710 миң сомду түзгөн.

Дарыгерлер энергетикалык суусундуктун зыяны тууралуу коңгуроо какканы менен аны этибарга албай, пайдалангандардын саны өсүүдө. Ал ортодо суусундуктун айынан инфаркт, кант диабети, бөйрөк оорусуна, жана башка дарттарга чалдыккан миңдеген жарандарды дарылоого, гемодиализ борборлорун ачууга жана кымбат баалуу операцияларды каржылоого республикалык бюджеттен көп каражат коротууга мамлекет мажбур болууда.

Мындан улам президент Садыр Жапаров дарттын кесепеттери менен күрөшпөй, аны алдын алуу чараларын көрүп, ыкчам кадамдарга барууга мезгил жеткенин белгиледи.

Кыргызстанда алдын ала эсептөөлөр боюнча, энергетикалык суусундуктарды өндүрүүгө же өлкөгө киргизүүгө тыюу салынса, республикалык бюджетке болжол менен 1,5 миллиард сомдой салыктык киреше түшпөйт.

Мамлекет башчысы министрлер кабинетине элдин саламаттыгына терс таасирин тийгизип жаткан энергетикалык суусундуктарды өндүрүүгө жана өлкөгө киргизүүгө тыюу салуу маселесин 1 айлык мөөнөттө карап чыгууну, 6 ай аралыгында мыйзам алкагында жөнгө салууну тапшырды.

Анткени президент белгилегендей, жалпы элдин саламаттыгы үчүн 1,5 млрд сомго көз жумуп, чечкиндүү кадамдарга баруу керек болуп турат.

"Улуттун, жарандардын жана келечек муундун саламаттыгы эч кандай акча менен өлчөнбөшү керек! Экономиканын эң башкы кыймылдаткыч күчү – салык эмес, дени сак адамдык капитал экенин да эсибизден чыгарбайлы. Жаштайынан ден соолугунан ажырап, майып болуп бараткан муун мамлекетке салык төлөмөк түгүл, тескерисинче, өмүр бою социалдык жөлөк пулдарды талап кылган катмарга айланат. Мына ошондуктан экономикалык кирешелер эч качан адам өмүрүнөн жана улуттун келечегинен өйдө турбашы керек! Бизге ууланган эмес, табигый күч-кубатка ээ, акыл-эси сергек муун керек. Эртеңки күнү кыргыз жигиттери Мекен чегинде болобу, мелдеш-таймаштарда болобу, же жеке жашоосунда болобу алты саны соо, жоомарт жүрөк, темир билек, кыраакы болушуп, кубаттуу мамлекеттин жарандары болушун каалайм. Эртеңки күнү кыргыз кыздары ден соолугу чың, ар кыл ишке тың, улут куту, чырайлуу болушун тилейм. Жаңы Кыргызстандын жаңы мууну үчүн азыртадан кам көрөлү!", - деп белгиледи президент.

Кыргызстандай эле башка мамлекеттер да өз улутунун саламаттыгы үчүн чечкиндүү кадамдарга барганы белгилүү. Маселен, коңшу Казакстанда 2025-жылдын 1-январынан тарта 21 жашка чейинкилерге энергетикалык суусундуктарды сатууга толук тыюу салынган. Ачык булактардагы маалыматтар боюнча, Казакстанда мыйзам иштеп баштаганда мыйзам бузуу аракеттери бир аз байкалган. Аларга айып пул салуу чарасы каралган. Ал эми энергетикалык суусундуктарды 21 жашка чейинкилердин сатып алышы кескин кыскарган.

Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов президент Садыр Жапаровдун өлкө келечеги жана улуттун генофонду үчүн тарыхый жана чечкиндүү кадамга барганын билдирип, энергетикалык суусундуктарга толук тыюу салуу демилгеси — бул жөн гана экономикалык чечим эмес, бул кыргыз улутун сактап калуу жана коргоо миссиясы экенин айтты.

“Саламаттыкты сактоо министри катары бул чечимди толугу менен колдойм. Биз күн сайын ооруканаларда бул "уунун" кесепетин өз көзүбүз менен көрүп жатабыз. Бир жылда 54 миллион литрден ашык химиялык суусундук ичилип жатканы — бул үрөйдү учурган трагедия. Бул жүз миллиондогон банкалар жаштарыбыздын жүрөгүн токтотуп, бөйрөгүн иштен чыгарып, кант диабетине алып келүүдө. Ооба, президент белгилегендей мамлекеттик бюджет 1,5 миллиард сом салыктан кол жууйт экенбиз. Бирок эч бир салык, эч кандай акча биздин балдарыбыздын өмүрүнөн кымбат эмес. Ден соолугунан ажыраган муун — бул өлкөнүн шору. Бизге ууланган эмес, табигый күч-кубатка ээ, акыл-эси сергек, темир билек муун керек. Биз оорунун кесепети менен күрөшүүдөн чарчадык, эми анын тамырын кырка турган убакыт келди. Саламаттыкты сактоо министрлиги президенттин тапшырмасын аткарууга жана 6 ай ичинде бул ууну өлкөдөн биротоло тазалоочу мыйзамдык чараларды иштеп чыгууга толугу менен даяр”, - деди министр.

Элдин саламаттыгына кам көрүү зарылдыгын Жогорку Кеңештин депутаты Илимбек Кубанычбеков “Кабар” агенттигине билдирди.

Эл өкүлү белгилегендей, энергетикалык суусундуктардын сатылышын жана алардын жашы жете элек балдарга жеткиликтүүлүгүн иликтөө боюнча өткөн айда парламентте атайын депутаттык комиссия түзүлгөн. Бүгүнкү күндө комиссия иш алып барып жатканын айткан Илимбек Кубанычбеков президенттин улут саламаттыгына зыян келтирип жаткан энергетикалык суусундуктарды өндүрүүгө жана импорттоого тыюу салууга карата чечкиндүү кадамы өз убагында болгонун белгиледи.

“Бүгүн жаштардын арасында энергетикалык суусундуктар кеңири тарап жатат. Аларды ичүү ар кандай ооруларды пайда кылып, тукумсуздукка чейин жеткирерин дарыгерлер айтышууда. Ошондуктан өлкөнүн эртеңки келечеги болгон жаштардын ден соолугуна кам көрүү боюнча депутаттык комиссия иш алып барууда. Президент да бул маселени колдоп, энергетикалык суусундуктарды өндүрүүгө жана импорттоого тыюу салуу зарылдыгынын белгилеши эң туура жана учур талабы”, - деди эл өкүлү.

Белгилей кетсек, 2023-жылы Кыргызстанда энергетикалык суусундуктарды жарнамалоого тыюу салган мыйзам кабыл алынган.