Черногорияда "Ала-Тоо Резорт" долбоору тааныштырылды

Коом Загрузка... 23 Июль 2025 09:37
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 23.07.25 /Кабар/. Подгорица шаарында Кыргызстандын элчиси Руслан Казакбаев Черногориянын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Нина Дракич менен жолукту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу соода жүгүртүүнү көбөйтүү жана биргелешкен экономикалык демилгелерди ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Элчи Казакбаев Кыргызстанда өлкө жетекчилиги тарабынан жүргүзүлүп жаткан экономикалык реформалар жөнүндө маалымат берип, келечектүү кызматташуунун негизги багыттары катары агроөнөр жай комплекси, энергетика, кен казуу тармагы жана туризмди белгиледи.

Кыргызстандын инвестициялык потенциалына өзгөчө көңүл бурулду, анын ичинде "Ала-Тоо Резорт" тоо-лыжа кластерин куруу боюнча ири долбоор тууралуу кеңири маалымат берилди.

Мындан тышкары, элчи бизнес-форум өткөрүү жана Черногориянын бизнес делегациясынын Кыргызстанга иш сапарын уюштурууну сунуштады, ошондой эле Нина Дракичти КР Соода-өнөр жай палатасы менен байланыш түзүү үчүн өлкөгө келип кетүүгө чакырды.

Жолугушуунун жыйынтыгында кыргыз тарап эки өлкөнүн Соода-өнөр жай палаталарынын ортосунда кызматташуу боюнча меморандум түзүүнү, ошондой эле бир катар биргелешкен иш-чараларды уюштурууну сунуштады.