Чемпиондор лигасы. “Кайрат” “Реал Мадридге” 0:5 эсебинде утулду

Спорт 1464 01 Октябрь 2025 09:35
WhatsApp Image 2025-10-01 at 09.22.51 (2).jpeg
68dc248f2b1883.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp Image 2025-10-01 at 09.22.51 (3).jpeg
WhatsApp Image 2025-10-01 at 09.22.51 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-10-01 at 09.22.51.jpeg
WhatsApp Image 2025-10-01 at 09.22.50.jpeg
Алдыга
Артка

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 01.10.25. /Кабар/. Казакстандын “Кайрат” футбол клубу Чемпиондор лигасынын алкагындагы оюнда өз талаасында Испаниянын “Реал Мадрид” командасына 0:5 эсебинде жеңилип калды. Бул тууралуу Казинформ агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, оюнда Килиан Мбаппе үч голдун автору болду. Төртүнчү голду Эдуард Камавинга киргизсе, бешинчи топту жаракатка байланыштуу кошулган убакта Брахим Диас киргизди.

“Кайраттын” дарбазасын 18 жаштагы Шерхан Калмурза коргоп, көптөгөн соккуларды тосуп калганына карабастан, команда ири эсеп менен жеңилди.

Эске салсак, Чемпиондор лигасынын 1-турунда “Реал” “Марселди” 2:1 эсебинде жеңсе, “Кайрат” “Спортингге” 1:4 эсебинде утулган.

Кийинки турда:

- “Реал Мадрид” 22-октябрда “Ювентус” менен беттешет;

- “Кайрат” 21-октябрда Кипрдин “Пафос” командасы менен ойнойт.

Быйылкы Чемпиондор Лигасынын финалы 2026-жылдын 30-майында Будапешттеги "Пушкаш Аренада" өтөт.