Чектөөлөр алынды – 08:00гө карата ашуулардагы абал

Аймак Загрузка... 27 Февраль 2026 09:15
1_pIE9lZ6.2e16d0ba..2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Кабар

Бишкек, 27.02.26. /Кабар/. Бүгүн саат 08:00гө карата ашуулардагы чектөө алынды. Бул тууралуу "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда республиканын бардык негизги унаа жолдорунда жана ашууларында аба ырайы бүркөк, бирок жол ачык.

Учурда жол тейлөө кызматтары тарабынан кар тазалоо, кум-туз аралашмасын себүү жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө. Абал туруктуу көзөмөлдө турат.

"Аба ырайынын өзгөрмөлүүлүгүн эске алып, алыскы сапарды алдын ала пландап, унааңыздардын техникалык абалын текшерип, жол кыймылынын эрежелерин так сактоону суранабыз", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 26-февралда аба ырайынын кескин начарлашына байланыштуу Төө-Ашуу, Долон жана Өтмөк ашууларында оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилген болчу.