Чек ара аймактарында чегирткеге каршы мониторинг жүргүзүлдү

Аймак 398 05 Июнь 2026 09:25
WhatsApp Image 2026-06-04 at 16.08.11.jpeg
WhatsApp Image 2026-06-04 at 16.08.09.jpeg
WhatsApp Image 2026-06-04 at 16.07.49.jpeg
WhatsApp Image 2026-06-04 at 16.07.49 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-06-04 at 16.08.10.jpeg
WhatsApp Image 2026-06-04 at 16.08.10 (2).jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-06-04 at 16.08.11.jpeg
WhatsApp Image 2026-06-04 at 16.08.09.jpeg
WhatsApp Image 2026-06-04 at 16.07.49.jpeg
WhatsApp Image 2026-06-04 at 16.07.49 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-06-04 at 16.08.10.jpeg
WhatsApp Image 2026-06-04 at 16.08.10 (2).jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Айыл чарба министрлиги

Бишкек, 05.06.26. /Кабар/. Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстандык адистери чек арада зыяндуу чегирткелерге каршы трансчегаралык изилдөөлөрдү жүргүздү.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, изилдөө БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) "Борбор Азия мамлекеттеринде зыяндуу чегирткелерге каршы күрөшүүнү жакшыртуу" долбоорунун алкагында өттү.

Изилдөөлөр Баткен облусунда Тажикстандын адистери менен, ошондой эле Ысык-Көл, Чүй жана Талас облустарында Казакстандын адистери менен биргеликте жүргүзүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө адистер чегирткелердин таралуу очокторун изилдеп, фитосанитардык абалга баа беришти. Мониторингдин жыйынтыктары боюнча маалымат алмашып, зыяндуу чегирткелерге каршы күрөшүү боюнча мындан аркы кызматташуунун багыттарын талкуулашты.

Трансчегаралык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы коңшу мамлекеттердин ортосунда маалымат алмашууну жакшыртууга, чегирткелердин жайылышына өз убагында мониторинг жүргүзүүгө жана алдын алуу иш-чараларынын натыйжалуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөт.