Бишкек, 21.07.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасы аркылуу өлкөдөгү жер маселеси, чек араларды тактоонун жыйынтыгы жана инвестициялык объекттерге аянттарды бөлүү боюнча коомчулукта талкууланып жаткан суроолорго жооп берди.
Мамлекет башчысынын маалыматына караганда, коңшу мамлекеттер менен чек ара тилкелерин тактоо иштери аяктагандан кийин өлкө аймагы 15,5 миң гектарга кеңейди.
"Буга чейин Кыргызстандын жалпы аянты 19,9 млн гектарды түзсө, бүгүнкү күндө өлкөнүн жалпы аянты 20 млн 9 миң 572 гектарга жетти. Бул аймактын 94,4 пайызын тоолуу аймактар ээлейт. Жалпы 6,7 млн гектар айыл чарба жеринин 1,08 млн гектары жарандардын жеке менчигинде болсо, 18,6 млн гектардан ашык жер мамлекеттик жана муниципалдык менчикте турат", - деди мамлекет башчысы.