Бишкек, 21.08.26. /Кабар/. ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден Кыргызстанга товарларды жана транспорт каражаттарын тиешелүү документтери жок алып кирүүгө жоопкерчилик күчөтүлдү.
Мамлекеттик салык кызматынан билдиришкендей, өзгөртүүлөр 2026-жылдын 21-августунан тартып күчүнө кирет.
Товардын наркына жараша документсиз өткөргөндүгү үчүн жеке жактарга 50 миңден 200 миң сомго чейин, юридикалык жактарга 100 миңден 300 миң сомго чейин айып пул каралган.
Эгер укук бузуу бир жыл ичинде кайталанса, айып пул жеке жактар үчүн 70 миңден 250 миң сомго чейин, юридикалык жактар үчүн 130 миңден 350 миң сомго чейин көбөйөт.
Мындан тышкары, укук бузуу кайталанган учурда мыйзам бузууга түздөн-түз тиешелүү болгон товарлар конфискацияланат.
Мыйзамдагы өзгөртүүлөр Кыргызстандын 2026-жылдын 6-августундагы №145 мыйзамы менен киргизилген.
Салык кызматы жарандарды, ташуучуларды жана транспорт каражаттарынын ээлерин чек ара аркылуу товарларды өткөрүүдө тиешелүү документтерди өз убагында жана туура тариздөөгө чакырды.