"Ак-Тилек" өткөрмө пунктунда 1 млн сомдук декларацияланбаган жүк кармалды

Укук тартиби Загрузка... 20 Май 2026 16:08
copyright icon Мамлекеттик салык кызматы

Бишкек, 20.05.26. /Кабар/. "Ак-Тилек" көзөмөл-өткөрмө пунктунда 1 млн сомдон ашык суммадагы эсепке алынбаган товарларды мыйзамсыз ташып кирүү аракетине бөгөт коюлду. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Тактап айтканда, Renault үлгүсүндөгү жүк ташуучу автотранспорт каражатын текшерүү учурунда коштомо документтерде көрсөтүлбөгөн товарлар — аялдардын косметикалык каражаттары, кийим-кече, чач жууй турган жана чачка кам көрүүчү каражаттар, ошондой эле башка товарлар аныкталды.

Алдын ала баалоо боюнча, аныкталган эсепке алынбаган товарлардын жалпы баасы болжол менен 1 млн сомду түздү.

Бул факты боюнча административдик айып салынды. Ошондой эле аныкталган товарлар боюнча салыктык текшерүү жүргүзүлөт. Анын жыйынтыгында тиешелүү салык төлөмдөрүн кошумча эсептөө, мыйзамдарда каралган санкцияларды жана туумдарды колдонуу каралган.