"Чек-2025" машыгуусу: 1200 адам, 500 атайын техника тартылган - видео

Аймак Загрузка... 19 Сентябрь 2025 13:40
copyright icon ӨКМдин Ысык-Көл облустук башкармалыгы

Бишкек, 19.09.25. /Кабар/. Балыкчыдагы "Эдельвейс" окуу-машыгуу борборунда "Чек-2025" командалык-штабдык машыгуусу өтүүдө. Бул тууралуу ӨКМдин Ысык-Көл облустук башкармалыгынан билдиришти.

Машыгуу "Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин аймагына мыйзамсыз кирген куралдуу түзүмдөрдү жок кылуу боюнча Борбор Азия регионунун тез жайылтуучу жамааттык күчтөрүнүн бөлүктөрүн күжүрмөн даярдыкка келтирүү жана жүргүзүү" темасында өтүүдө.

Ага Кыргызстан, Казакстан, Россия жана Тажикстан мамлекеттеринин аскердик контингенттери, ЖККУнун катчылыгы жана бириккен штабынын өкүлдөрү катышууда.

Машыгууга 1200 адам, 500 аскер жана атайын техникалар, учактар, учкучсуз учуучу аппараттар, суу үстүндө согуштук катерлер анын ичинде өлкөнүн өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары катышып, ага катар атайы техникалар, мобилдүү госпитал тартылган.

Эскерте кетсек, 2001-жылы ЖККУнун Коопсуздук кеңешинин чечими менен түзүлгөн Борбор Азия регионунун тез жайылтуучу жамааттык күчтөрүнүн бөлүктөрүнө заманбап курал-жарак жана аскердик техника менен жабдылган туруктуу даярдыктагы аскер бөлүктөрү кирет. Борбор Азия регионунун тез жайылтуучу жамааттык күчтөрүнүн бөлүктөрүнүн негизги милдеттери тышкы аскердик агрессияны токтотуу жана биргелешкен контртеррористтик операцияларды өткөрүүгө катышуу болуп саналат.