Чехияда 30дан ашык киши гепатиттин A түрүнөн каза тапты

Дүйнө Загрузка... 08 Декабрь 2025 13:45
WhatsApp_Image_2025_siNumlF.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 08.12.25 /Кабар/. Чехияда гепатит А вирусу 32 адамдын өмүрүн алды, жалпысынан илдет жуктургандардын саны 3 миңден ашты. Бул тууралуу Кazinform BILD басылмасына шилтеме келтирип жазды.

Маалыматта айтылгандай, эпидемия жогорку чекке жете элек.

Расмий маалыматтарга ылайык, вирустун жайылышы жазында башталган. Азыр оору жаңы жылдык базарларга чейин жетти.

Германия менен чектешкен Божи-Дар шаарында үч ай мурда гигиенаны сактоо боюнча бийлик эскертүүлөрдү тараткан.

Учурда сатуучулар кол кап менен иштеп, күркөлөрдү маал-маалы менен дезинфекциялоодо.

Чехиянын медициналык палатасынын президенти Милан Кубектин айтымында, бул жолку эпидемия 1979-жылдан бери эң масштабдуусу болуп калды.