Эпидемиологиялык абал. Сасык тумоо менен ооругандардын саны азайды

Ден соолук Загрузка... 09 Февраль 2026 16:30
cf10b2b8ca679d5ef79776490c2a18f3.jpg

Бишкек, 09.02.26. /Кабар/. Өлкө боюнча КРВИ (курч респиратордук вирустук инфекция) жана сасык тумоо менен ооругандардын 12 400 учуру катталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул көрсөткүч мурдагы жумага салыштырмалуу 11,1%га төмөн.

Ооругандардын жалпы санынын 73,8%ын 14 жашка чейинки балдар түздү.

КРВИ жана сасык тумоо менен ооругандардын 12%ы ооруканага жаткырылган.

Министрликтен белгилешкендей, Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында оор курч респиратордук инфекциялар жана сасык тумоого окшош оорулар боюнча эпидемиологиялык көзөмөл улантылууда.