Неврологиялык оорулар жаштар арасында көп кездешүүдө – Мирбек Сейит уулу

Ден соолук Загрузка... 09 Декабрь 2025 17:15
WhatsApp Image 2025-12-09 at 17.17.41.jpeg
copyright icon Кабар

Дүйнө жүзүндө, анын ичинде Кыргызстанда жылдан-жылга неврологиялык ооруга кабылган адамдар көбөйүүдө. Дарыгерлер акыркы убакта ооруга жаштар да чалдыгып жатканын айтышууда. Бул ирет "Кабар" агенттиги Токмок шаарынын жалпы дарыгердик практика борборунун неврология бөлүмүнүн башчысы Мирбек Сейит уулу менен неврологиялык оорулардын түрлөрү жана алардын алдын алуу туурасында маектешти.

Шаардык ооруканага неврологиялык оорулар менен кайрылгандардын саны мурдагы жылдарга салыштырмалуу кандай?

Неврологиялык оору менен ооругандардын саны жылдан-жылга көбөйүп баратат. Бул оорулар айрыкча COVID-19дан кийин жогорулады. Бейтаптар дарыгерлер жазган дарыларды үзбөй ичиши керек. Организмде коронавирус илдетинен кийин тромбдор да пайда болду. Ошол үчүн жашы улгайып калгандарда да, жаштар арасында да инсульт, инфаркт көбөйүп жатат. Анткени, тромб кан тамыр аркылуу органдарга барат, мисалы баш мээге же жүрөккө барышы мүмкүн. Анан кычкылтектин жолу буулуп, адамды өлүмгө да алып келет.

front

Көбүнчө бейтаптар неврологиялык оорулардын кайсы түрлөрү менен жабыркап кайрылууда?

Өнөкөт оорулары барлар бир жылда бир жолу дарыланууга келип турушат. Ошол эле учурда инсультка кабылган бейтаптар басымдуулук кылат. Кан басымы 180-200гө чейин жогору болуп келгендер да бар. Кан басым көтөрүлгөндө мээге кычкылтек барбай калат, мындан улам биз аны акырындык менен түшүрөбүз. Дароо түшүрүп жибергенде инсультка кабылышы мүмкүн. Ошондой эле остеохондроз оорусу менен жабыркагандар көп кайрылып жатат. Мында кан айлануу начарлаганда адамда баш оору, баш айлануу келип чыгат, баш мээге кычкылтектин баруусу бузулат. Бул ооруга өзгөчө 16-18 жаштагылар көп чалдыгууда. Муну биз телефондо көп отуруу менен байланыштырып келебиз. Бирок, оорунун келип чыгышын бир гана көп отуруудан деп да так айта албайбыз. Ата-энелеринен сураганда, көбү эле телефонду көп карайт деп айтышат. Себептери ар кандай болушу мүмкүн. Мындан тышкары, бизге кант диабетине чалдыккандар да көп келишет. Анткени жогоруда айткандай, коронавирустан кийин бул оору дагы күч алды. Алардын арасында биринчи жолу кант диабети аныкталгандар да бар. Бул оору менен ооругандар көбүнчө 50 жаштан ашкан бейтаптар. Бул дарт тукум куучулук мүнөзгө ээ, ошондой эле дайыма кыжаалат, депрессия болгондо до да кант диабетине кабылуу мүмкүн. Тамактануусуна көңүл бурбаган адамдар дагы бул ооруга чалдыгат.

image_2020-06-24_11-34-35-805x503

Неврология бөлүмүндө бейтаптарга шарттар түзүлгөнбү?

Биздин бөлүм оңдоп-түзөөдөн өткөн. Бардык шарттар каралган. Мамлекет тарабынан берилген дары-дармектер бар. Медицина кызматкерлерибиз жетиштүү. Бизге жакын жайгашкан райондордон да бейтаптар кайрылышат. Абалына жараша жаткырчуларын бөлүмгө жаткырып, айрымдарын амбулатордук дарыланууга жиберебиз.

Аталган ооруканада канча жылдан бери иштеп келе жатасыз?

Неврология бөлүмүндө эмгектенип жатканыма 5 жыл болду. Буга чейин шаардык оорукананын жандандыруу бөлүмүндө 20 жылдай иштедим. Токмок шаарынан гана эмес, Чүй облусунун жакынкы райондорунан да бейтаптар келгендиктен, бөлүмдө бош орундар калбай баратканда тынчсызданып баштайм. Анткени, орундар толуп калган учурларда "жаткырбайсыңар" деп нааразы болгондор чыгат. Ооруканага жаткырууга көрсөтмө болбосо да жаткыр дегендер да болот. Биз бейтаптардын жакшы болуп, сакайып үйүнө кетишине болгон күч-аракетибизди жумшап, убакытыбызды арнап иштеп жатабыз.

WhatsApp Image 2025-12-09 at 10.40.38

Неврологиялык оорулардын алдын алуу боюнча кеңешиңизди айта кетсеңиз

Адамдар дарыгер жазган дарыны үзбөй ичиш керек. Дары-дармектер жардам берет. Ошол эле маалда бейтаптын өзүнөн да көп нерсе көз каранды. Сергек жашоого ыктап, физикалык активдүүлүктө болушу керек, туура тамактануу зарыл. Тузду, кумшекерди, ашыкча пайдаланбоо кажет.