Депутат катаракта менен жабыркаган бейтаптарга мамколдоону күчөтүүгө чакырды

Ден соолук Загрузка... 20 Май 2026 12:06
25_FLoUtf2.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 20.05.26 /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаты Жайлообай Нышанов парламенттин жыйынында катаракта (көз чечекейинин тунарышы) оорусунун көбөйүп жатышы жана бейтаптарга мамлекеттик колдоонун жетишсиздиги маселесин көтөрдү.

Анын айтымында, эгер мурда катаракта негизинен 60–70 жаштагы адамдарда аныкталса, бүгүнкү күндө бул оору кыйла жашарып кетти.

"Азыр бул дарт менен 40–50 жаштагы адамдар да жабыркап жатышат. Майыптуулукка алып келген офтальмологиялык (көз) оорулардын ичинен катаракта 4–5-орунда турат", — деп белгиледи депутат.

Жайлообай Нышанов Кыргызстанда майыптыгы бар адамдардын саны 218 миңден ашарын, ал эми айыл жергесинде экинчи топтогу майыптардын үлүшү 42%га жетерин билдирди.

Ал көздүн чечекейин алмаштыруу операциясынын баасы болжол менен 20 миң сомду түзөрүн, ал эми жеке клиникаларда баасы 30 миң сом жана андан жогору болуп, бул жарандар үчүн оор каржылык жүккө айланып жатканын баса белгиледи.

Депутаттын айтымында, операцияны өз убагында жасатпаса, көрүүнүн толук жоголушуна алып келиши мүмкүн.

Ал ошондой эле учурда Жогорку технологиялар фонду тарабынан беш жылда бир жолу ар биринин баасы 20 миң сомду түзгөн 1500гө жакын хрусталик бөлүнөрүн, бирок бул көлөм бейтаптардын муктаждыктарын жабууга жетишсиз экенин белгиледи.

Мындан тышкары, анын айтымында, дарыканаларда оорулуулардын бул категориясы үчүн социалдык пакеттер жок.

Депутат мамлекетти бейтаптарды хрусталиктер менен камсыз кылуу маселесин өзгөчө көзөмөлгө алууга чакырды.