Бишкек, 19.05.26. /Кабар/. Узак жана дени сак өмүр сүрүүнүн негизи – жөнөкөй эле адаттарда. Бул тууралуу жалпы тажрыйбалык дарыгерлер Люси Хупер жана Мохаммед Энаят билдиришкенин Marie Claire журналы жазып чыкты.
Адистердин айтымында, дени сак карылыктын башкы факторлорунун бири – бул сапаттуу уйку. Ошондой эле алар күн бою көбүрөк кыймылда болууну сунушташат. Бул үчүн сөзсүз түрдө машыгуу залына баруу шарт эмес, күн сайын жөө басуу же тепкич менен өйдө көтөрүлүү жетиштүү. Мындан тышкары, тамактануу адаттарын бара-бара жакшыртуу зарыл: зыяндуу тамактардан дароо жана толугу менен баш тартпастан, тамактанууга пайдалуу азыктарды акырындап кошуу керек.
"Узак өмүр сүрүү убактылуу чечимдерге же модалуу тренддерге эмес, күнүмдүк туруктуу адаттарга негизделет", – деп баса белгиледи Энаят.
Анын айтымында, стрессти башкара билүү, социалдык байланыштарды (айланасындагылар менен мамилени) сактоо жана жашоодо так максаттын болушу чоң мааниге ээ.
Хупер кошумчалагандай, заманбап медицина өмүрдүн узактыгына гана эмес, олуттуу ооруларсыз өткөн жылдардын санына да өзгөчө көңүл бурууда. Ал күнүмдүк жашоо образын бир аз болсо да өзгөртүү карыганда өнөкөт оорулардын пайда болуу коркунучун кыйла азайтарына ишенет.