Токтогул ГЭСинин кышкы мезгилде электр энергиясын иштеп чыгуусу – бүтүндөй Борбор Азиянын энергия тутумунун туруктуулугунун жана ишенимдүүлүгүнүн кепилдиги. Бул ири ГЭС негизги тирек чекиттеринин бири болуп саналат. Масштабдуу модернизациядан кийин анын кубаттуулугу жогорулап, кызмат мөөнөтү бир нече он жылдыкка узартылды.
Ошону менен бирге, эксперттер аймактын келечектеги өнүгүүсү үчүн олуттуу мааниге ээ болгон факторго көңүл бурушууда. Суук мезгилде Токтогул суу сактагычындагы суунун олуттуу көлөмү сарпталып, бүтүндөй агым Өзбекстан менен Казакстанга кетет. Ал жактагы рельеф суунун чоң көлөмүн топтоого мүмкүндүк бербегендиктен, жазга барып суу бууланып же жөн эле жерге сиңип кетет. Ошентип, апрель айына карата Токтогул суу сактагычынын чөйчөгү байкалаарлык деңгээлде азайып калат. Ал эми жайкысын ал Кыргызстандагы жана кошуна өлкөлөрдөгү айыл чарба жерлерин сугат суу менен камсыз кылууга тийиш, ошол эле учурда анда жаңы жогорку жүктөмдөр мезгили жана жылытуу сезону үчүн суу топтолушу керек.
Борбор Азия өлкөлөрүндө электр энергиясын керектөөнүн өсүшү, өнөр жай өндүрүшүнүн жогорулашы жана болжолдонгон узакка созулган климаттык өзгөрүүлөрдүн шартында Токтогул ГЭСине жана анын суу сактагычына суу-энергетикалык балансты кармап туруу барган сайын кыйындап жатат. Аймактык экономикалар өсүп жаткан шартта бул мыйзам ченемдүү көрүнүш: туруктуу өнүгүү үчүн энергия да, суу да көбүрөөк керек. Эксперттер бул кырдаалдан чыгуунун жолу катары Нарын дарыясынын жогорку агымында жайгаша турган, жетиштүү сыйымдуулуктагы суу сактагычы бар ири Камбар-Ата-1 ГЭСинин тезирээк курулушун аташат. Бул Борбор Азиядагы суунун чыгымын теңдештирип, аймакка өнүгүү үчүн таза энергия берет.

Ошентип, кышында негизги жүктөмдү Камбар-Ата-1 жана Камбар-Ата-2 станциялары көтөрөт, ал эми алар иштетип чыгарган суу Токтогул суу сактагычына топтолот. Жайында энергияны Токтогул ГЭСи иштеп чыгып, ошол эле учурда үч өлкөнүн айыл чарба жерлерин сугарууну камсыз кылат. Бул формула аймактык туруктуулукту кепилдейт. Азырынча Кыргызстан ири станцияны өз каражатына курууда, ал эми жакын арада долбоорду ишке ашырууга Казакстан менен Өзбекстан кошулушу керек. Бул максатта түзүлгөн үч тараптуу консорциум эл аралык донорлор менен биргеликте техникалык-экономикалык негиздемени иштеп чыгууну аягына чыгарууда.
Эксперттер Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушун создуктурууга болбойт деп эсептешет. Өзгөрүп жаткан климат өз шарттарын коюуда, мөңгүлөр эрип, убакыттын өтүшү менен тоолордон аккан суунун көлөмү азаят, андыктан келечек үчүн негизди азыртан түзүү зарыл. Бул маселени ар кандай эл аралык аянтчаларда актуалдаштыруу, мамлекеттер аралык бирикмелердин мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу жана климаттык фонддордон ресурстарды тартуу жолдорун издөө керек. Долбоорду тездетүү үчүн Кыргызстан тарабынан демилгеленген Глобалдык тоо диалогунун алкагында дипломатиялык аракеттер зарыл. Ошондо өлкө инвестициялык чечимдердин бир нече варианттарын ала алат. Эксперттик коомчулуктун өкүлдөрүнүн пикири боюнча, 2027-жылдын күзүндө Бишкекте өтө турган Глобалдык тоо саммитине карата Кыргызстандын колунда жол картасы жана курулуштун, ишке киргизүүнүн бардык этаптары үчүн түзүлгөн инвестициялык портфели даяр, макулдашылган долбоору болушу керек.
Бул контекстте Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун жакында жарыяланган баяндамасы өзгөчө көңүл бурат. Анда аналитиктер глобалдык жылуулуктун Борбор Азия аймагы үчүн коркунучтарын талдап чыгышкан:
"Кыргызстан жана анын Борбор Азиядагы кошуналары кышында керектөө кескин өскөн кезде энергиянын олуттуу тартыштыгына туш болушат. Бул көбүнчө айлана-чөйрөнү булгоочу отундун кымбат импортуна алып келет жана энергетикалык коопсуздукка коркунуч келтирет. Аймактагы суроо-талап 2050-жылга чейин кеминде эки эсеге өсөрү болжолдонгондуктан, Борбор Азия өлкөлөрүнө жашоо сапатын жакшыртуу жана экономикалык өсүштү камсыз кылуу үчүн жеткиликтүү, ишенимдүү жана туруктуу электр энергиясы тез арада керек. Суу Борбор Азия үчүн чечүүчү мааниге ээ. 2040-жылга карата аймак суу таңкыстыгынын өтө жогорку тобокелдигине туш болору болжолдонууда, бул чек ара аралык тыгыз кызматташтыкты талап кылат. Кышында электр энергиясын иштеп чыгуу менен Камбар-Ата-1 аймакта сууну пайдаланууну жакшыртууга, сел коркунучун азайтууга жана Нарын дарыясындагы учурдагы гидроэнергетикалык каскадды коргоого потенциал ачат", – деп айтылат баяндамада.

Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун аналитиктери белгилегендей, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн арасында "Камбар-Ата-1" долбоорун биргелешип каржылоого кызыгуу чоң жана 2024-жылдын июнь айында Донорлордун координациялык комитети түзүлгөн.
Долбоор Нарын дарыясына бийиктиги 261 метр болгон жаңы бетон дамбасын курууну карайт. Ал Камбар-Ата-2 ГЭСи, Токтогул суу сактагычы жана төмөнкү агымда жайгашкан башка гидроэлектростанцияларды камтыган учурдагы каскаддан жогору жайгашат.
Камбар-Ата-1 – флагмандык гидроэнергетикалык долбоор. Станция жылына болжол менен 6000 ГВт·саат электр энергиясын иштеп чыгат, бул Кыргызстандагы учурдагы өндүрүштүн болжол менен 40 пайызына барабар. Биринчиден, бул өлкөнүн узак мөөнөттүү энергетикалык коопсуздугун камсыз кылат. Экинчиден, бул демилге Борбордук Азиядагы энергияга болгон өсүп жаткан суроо-талапты канааттандырууга жана аймактагы суу ресурстарын пайдаланууну жакшыртууга жардам берет.