Армияга 1 млрд доллар: Куралдуу күчтөр кантип өзгөрдү?

Аналитика Загрузка... 29 Май 2026 19:09
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Кундуз Азарбекова

Бардык материалдар

Кыргызстандын Куралдуу күчтөрү 34 жылдык мааракесин заманбап аскердик техника, жаңы санарип технологиялар жана ишенимдүү, билимдүү жоокерлер менен тосуп алды. Өзгөчө акыркы беш жылда мурда болуп көрбөгөндөй масштабдуу реформадан өттү. Натыйжада кыргыз армиясынын баркы көтөрүлүп, аскердик кызмат өтөө жаштар арасында кызыгуу жаратууда.

Өзүнүн меймандостугу менен айырмаланып турган Кыргызстан аскердик саясатын да тынчтык, коргонуу принциптери менен куруп келет. Чек ара сыяктуу жаңжал чыга турган опурталдуу маселелерди да тынч, сүйлөшүү жолу менен чечсе болорун дүйнөгө далилдеди. Ошентсе да дүйнө өлкөлөрү арасында болуп жаткан куралдуу окуяларды жана тобокелдиктерди эстен чыгарбоо керек. Анын үстүнө кыргыз армиясын чыңдоо иштери замандын чакырыктарынын талабы кыйла өзгөрүп жаткан учурга туура келүүдө. Мурда согуш талаасында 500–600 метрлик бутаны мээлеген танктар, тик учактар болсо, азыр аны ондогон километр аралыктагы учкучсуз аппараттар, санарип технологияларсыз элестете албайсың.

WhatsApp Image 2026-05-29 at 17.33.33.jpeg

Кыргызстандын куралдуу күчтөрү үчүн заманбап курал-жарактарды жана аскердик техникаларды сатып алуу Садыр Жапаров президенттик кызматка киришип, Куралдуу күчтөргө колбашчы болгондо эле башталган. Өзгөчө 2021–2022-жылдардагы Баткендин чегиндеги жаңжалдардан кийин куралдуу күчтөрдү чыңдоо маселеси кабыргасынан коюлган.

Жалпысынан 2023-жылга чейин аскердик техника, курал-жарактарды сатып алууга дээрлик 1 млрд доллар жумшалган. Бүгүнкү күнү Куралдуу күчтөрдүн бюджети 2018–2019-жылдарга салыштырмалуу 300 пайызга жогорулады.

Беш жыл аралыгында эгемен Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу бюджеттик каражатка абадан коргонуучу техникалардын ири партиясы сатылып алынды. Алар түрктөрдүн “Аксүнгүр”, “Акынжы”, “Анка” аскердик техникалары жана “Байрактар” учкучсуз учактары, Беларустан алынган аба чабуулунан коргонуучу “Печора-2 БМ” мобилдик зениттик-ракеталык комплекси.

WhatsApp Image 2026-05-29 at 18.04.38.jpeg

Ал эми 2025-жылы Балыкчы шаарында өткөн ЖККУнун “Чек-2025” машыгуусунда Кыргызстандын аскердик-өндүрүштүк комплексинин ишканаларында чыгарылган жаңы үлгүдөгү курал-жарак жана техникалар көрсөтүлдү. Алар модернизацияланган кыймылдуу бронетехникалар, ар кандай модификациядагы сокку уруучу жана чалгындоочу учкучсуз аппараттар, татаал шарттардагы согуштук аракеттер үчүн күчөтүлгөн коргоо жана заманбап байланыш каражаттары менен жабдылган ILBIRS Titan FS жана ILBIRS Hornet S бронемашиналары.

Ушул эле жылы өткөн дагы бир “Асман көзөмөлү” антитеррористтик машыгуусунда аскерлер учкучсуз аппараттарды (БПЛА), заманбап согуштук робот техникаларын, FPV-дрондорду, дрон-камикадзелерди, чабуул дрондорун, квадрокоптерлерди колдонуу чеберчилигин көрсөтүшкөн.

Айтмакчы, 2026-жылдын апрелинде президент Садыр Жапаров “Дастан” заводуна барганда учкучсуз аппараттарды өндүрүү маселесин караштырууну тапшырганы маалым. Өлкө башчы ата мекендик учкучсуз учактарды чыгаруу Кыргызстандын коргонуу өнөр жайын чыңдап, жогорку технологиялуу өндүрүштөрдү өнүктүрүп, импорттук товарларга көз карандылыкты азайтарын белгилеген. Коргонууга ылайыктуу бир катар техникалар Кыргызстандын “Тулпар Моторс” заводунда да чыгарылып жатат.

Бул арада аскер кызматчыларын социалдык жактан коргоо да чоң ишти талап кылууда. Коргоо министрлиги “Кабар” агенттигине турак жайдын ижара акысы үчүн компенсация жогорулап, айлык маяналар көбөйтүлгөнүн, аскер кызматкерлерине жүздөгөн батирлер тапшырылганын билдирди.

“Жаңы казармалар, аскер шаарчалары, заманбап шарттагы имараттар курулуп жатат. Аскер комиссариаттары этап-этабы менен жаңыртылууда. Ысык-Көлдө аскердик санаторий жаңыланып, жыл бою иштеген заманбап борборго айланды.
Аскерлерди даярдоо системасы түп-тамырынан жаңыланып, учкучсуз аппараттарды башкаруу, заманбап согуш ыкмалары, аскердик медицина бардыгы окуу программасына киргизилди. Бүгүнкү күндө армия жаштар үчүн сыймык. Кызмат өтөө престиждүү болуп, аскерге барууга кызыгуу жогорулады. Жаш жоокерлер күчтүү, билимдүү, мекенчил муун”, — деп билдирди Коргоо министрлиги.

Жогорудагы өзгөрүүлөрдүн баары армиянын баркын көтөрүп, аскерде кызмат өтөөнү жигиттер арасында популярдуу кылды. Мындай пикирин “Кабар” агенттигине берген маегинде Куралдуу күчтөрдүн ардагери, Республикалык жоокерлердин энелери комитетинин төрайымы Уулкан Байгубатова билдирди.

WhatsApp Image 2026-05-29 at 18.03.03.jpeg
“Мен Куралдуу күчтөр түзүлгөн 34 жыл ичиндеги мурдагы армия менен азыркы армияны салыштыра алам. Буга чейин кыргыз армиясы аскердик техника болобу, кийим-кече, тамак-аш болобу — жетишпеген тармак эле. Аскерлерибиз бар деп ошого деле топук кылып жүрчүбүз. Ал кезде армиянын курамы көп болгондуктан, мамлекет бага албай калган. Дээрлик 8–9 айга чейин же айлык албай, же кошумча каражаттар төлөнбөй калган учурлар болгон. Эмнени гана көргөн жокпуз. Кайсы гана президентке кирген жокмун, каякка гана барган жокмун. “Тынч уктап, коопсуз болгуңар келсе, армияны баккыла” дечүмүн.
Үйүбүз жок, айрым полковниктер уул-кыздарын жатаканада үйлөндүрүп, куда тосуп калышкан. Азыр лейтенанттан баштап мамлекеттик ипотекага кезекке туруп, батир алып жатышат. Маяна көбөйүп, келишим менен аскер кызматын өтөгөндөр 70 миң сом алып жатышат. Биз 7 миң сом да алчу эмеспиз. Заманбап аскердик бөлүктөр, казармалар курулууда. Дивизия, гарнизон, аскердик бөлүктөрдү кыдырганда тамак-аштары жакшы. Үч маал ысык тамак, табигый шире, салаты менен берилет. Кийимдери жарым жыл сайын алмаштырылып турат. Жоокерлерге кезиккен сайын: “Азыркы армиядагылар бактылуусуңар, жакшыртылган шарттарда кызмат өтөп жатасыңар”, — деп айта берем. Чындыгында азыр армия бутуна турду.
Ушундай өнүгүүлөр болушу керек. Мына, армияга келем деген жаштар кезекте турушат. Билими бары деле, жогу деле келип жатат. Ал эми эл аралык машыгууларда жоокерлерибиз дайыма биринчиликти алып жатышат. Бул кыргыз армиясынын күжүрмөн даярдыкта экендигинен кабар берет”, — деп билдирди Уулкан Байгубатова.