Бишкек, 30.08.25. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда бир катар медициналык объектилер пайдаланууга берилди. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Эгемендүүлүк күнүнө карата Жалал-Абадда өткөрүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө саламаттыкты сактоо министри Эркин Чечейбаев билдирди.
Министрдин айтымында, Барпы айылында Эне жана баланы коргоо борбору ачылды. Андан тышкары, оңдоп-түзөөдөн кийин облустук үй-бүлөлүк медицина борбору кайра ишке кирди, облустук төрөт үйүнүн жаңы корпусу пайдаланууга берилди, ошондой эле облустук бириккен оорукананын курулушу пландаштырылууда.
Чечейбаев белгилегендей, эртең Жалал-Абадда облустук ооруканалардын жетекчилери менен кеңешме өтүп, анда саламаттыкты сактоо системасын өнүктүрүү боюнча техникалык тапшырмалар жана пландар талкууланат.
Эскерте кетсек, Жалал-Абад облусунда жалпысынан үч жаңы медициналык мекеме, ал эми республика боюнча тогуз мекеме ачылды.