Чечейбаев Жалал-Абаддагы санитардык-эпидемиологиялык кызматтардын абалын текшерди

Аймак 10 июль 2025 15:30
518334706_757415350019169_3486398546215251943_n.jpg
518186637_757415400019164_3011709611313545535_n.jpg
518292522_757415200019184_2504155261281405702_n.jpg
518272375_757415380019166_344663121462892605_n.jpg
518320733_757415223352515_1118030543311057029_n.jpg
518322231_757415423352495_6996103922844568929_n.jpg
518364951_757415446685826_973744157816247181_n.jpg
518398981_757415176685853_8536290734524544061_n.jpg
516437385_757415270019177_2453129447617863872_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Саламаттык сактоо министрлиги

Бишкек, 10.07.25. /Кабар/. Күн мурун саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев Жалал-Абад облусундагы санитардык-эпидемиологиялык кызматтардын иши менен таанышты.

Ведомствонун маалыматына караганда, ал Чаткал, Аксы жана Ала-Бука райондорунда болуп, кызматтардын инфраструктуралык абалына, кадр менен камсыз болуусуна жана модернизациялоо, жаңы объектилерди куруу боюнча пландарга өзгөчө көңүл бурду.

Чаткал районунда 2016-жылы курулган лаборатория бар болгонуна карабастан, кадр тартыштыгы курч — бул жерде жалгыз гана адис эмгектенет. Ал эми административдик имарат начар абалда. Министр жеринде санитардык жана техникалык талаптарга жооп берген жаңы бир кабаттуу имараттын долбоорун тез арада иштеп чыгууну тапшырды.

Ала-Бука районунда санитардык-эпидемиологиялык борбордун имараты авариялык абалда турат. Объект боюнча долбоордук-сметалык документация бекитилгенине карабастан, ал 2025-жылга карата капиталдык курулуштун титулдук тизмесине киргизилген эмес. Министр бул маселени өзгөчө тартипте карап чыгып, объектти артыкчылыктуу курулуштардын тизмесине кошууну тапшырды.

Аксы районунда жаңы имараттын курулушу менен таанышкан министр, курулуш иштери графикке ылайык жүрүп жатканын белгиледи. Объектти ушул жылдын аягына чейин бүтүрүп, пайдаланууга берүү пландалууда.

"Санитардык-эпидемиологиялык кызмат — элдин саламаттыгын коргоонун негизги тиреги. Бул тармакты бекемдөө — инфраструктура жана кадрлар боюнча — өзгөчө алыскы райондордо — биздин приоритетибиз бойдон калат", — деп баса белгиледи министр Эркин Чечейбаев.