Бишкек, 15.10.25 /Кабар/. Эне жана баланын ден соолугу өлкөнүн саламаттык сактоо тармагындагы приоритеттүү багыт. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев бүгүн борбор калаада өткөн Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын балдар үчүн жаңы бөлүмүнүн ачылышында билдирди.
Министрдин айтымында, учурда өлкө боюнча жаңы балдар ооруканалары курулуп, айрымдары реконструкцияланып жатат.
"Мисалы, №3 шаардык балдар ооруканасынын жаңы имараты курулууда. Жаңы объект заманбап талаптарга ылайык курулуп, санариптештирүү каралууда. Биринчи кезекте бейтаптар онлайн түрдө кезекке турууга мүмкүнчүлүк алышат. Ошондой эле Улуттук педиатрия жана энени коргоо борборунда да жакшы өзгөрүүлөр жүрүүдө. Ал жакта жаңы жаңы заманбап технологиялар киргизилип жатат", - деди ал.
Ал белгилегендей, балдар ооруканаларын куруу иштери борбор калаа менен чектелбестен, аймактарда да жигердүү жүрүп жатат.
"Аймактарда атайын балдар дарыгерлери тартылып, жергиликтүү бийлик да активдүү колдоо көрсөтүүдө. Баланын ден соолугу түздөн-түз эненин абалына байланыштуу болгондуктан, биз жаңы перинаталдык борборлорду да куруп жатабыз. Мисалы жакында эле Манас шаарында жаңы перинаталдык борборду ишке бердик", - деп кошумчалады Эркин Чечейбаев.