Чечейбаев: Дарыгерлердин айлыгы 50%га жогорулайт

Коом 15 сентябрь 2025 13:15
de374b613ecf2c8f.2e.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
WhatsApp_Image_KMYVOzj.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка
de374b613ecf2c8f.2e.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
WhatsApp_Image_KMYVOzj.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка

Бишкек, 15.09.25 /Кабар/. 2026-жылы дарыгерлердин айлыгын 50%га көтөрүү пландалууда. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында саламаттыкты сактоо министри Эркин Чечейбаев билдирди.

Министрдин айтымында, учурда дарыгерлердин орточо айлыгы 25 миң сомдун тегерегинде.

“Дарыгерлердин айлыгы көтөрүлө элек, ал эми кенже кызматкерлердин жана техникалык персоналдардын эмгек акысы мурда көтөрүлбөй калгандыктан, көбөйтүлгөн. 2026-жылы дарыгерлердин маянасын 50%га көтөрүүнү пландап жатабыз”, - деди ал.

Мындан тышкары Чечейбаев белгилегендей, баштапкы баскычтагы ординатор-дарыгерлердин айлыгы 20 миң сомдун тегерегинде.