Чаткалдын Курулуш айылында жакында жаңы мектеп пайдаланууга берилет

Аймак 19 сентябрь 2025 16:00
whatsappimage20250919at151025-6668cd22af5dfdd7.49695128.jpg
whatsappimage20250919at1510251-6868cd22af5e26f9.15543479.jpg
Алдыга
Артка
whatsappimage20250919at151025-6668cd22af5dfdd7.49695128.jpg
whatsappimage20250919at1510251-6868cd22af5e26f9.15543479.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Курулуш министрлиги

Бишкек, 19.09.25. /Кабар/. Жалал-Абад облусуна караштуу Чаткал районунун Курулуш айылында С.Мирзалиев атындагы мектептин курулушу аяктап, жакынкы күндөрү пайдаланууга берүү алдында турат.

Курулуш министрлигинен билдиришкендей, 225 орунга ылайыкташтырылган билим уясы эки кабаттуу окуу корпусунан, өтмө галереядан жана спорт залынан турат.

Долбоор Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан ишке ашырылып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланды. Жалпы наркы 141 млн сом.

Жаңы мектептин ишке берилиши Чаткал районундагы билим берүүнү жакшыртып, окуучуларга заманбап шарттарда билим алууга мүмкүнчүлүк түзөт.