Чаткалдагы алтын кендеринде экологиялык мыйзам бузуулар аныкталды

Коом Жүктөлүүдө... 16 Июль 2026 10:00
WhatsApp Image 2026-07-16 at 06.51.49.jpeg
WhatsApp Image 2026-07-16 at 06.51.49 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-07-16 at 06.51.50 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-07-16 at 06.51.50.jpeg
WhatsApp Image 2026-07-16 at 06.51.49 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-07-16 at 06.51.48.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-07-16 at 06.51.49.jpeg
WhatsApp Image 2026-07-16 at 06.51.49 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-07-16 at 06.51.50 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-07-16 at 06.51.50.jpeg
WhatsApp Image 2026-07-16 at 06.51.49 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-07-16 at 06.51.48.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Жаратылыш ресурстары министрлиги

Бишкек, 16.07.26. /Кабар/. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин атайын комиссиясы Чаткал районундагы тоо-кен компанияларында лицензиялоого чейинки текшерүү жүргүздү.

Ведомствонун маалыматына караганда, текшерүү аймактагы ири ишканалар – "Фулл Голд Майнинг" жана "Эти Бакыр Терексай" ЖЧКсынын кооптуу калдыктарды сактоочу жайларында экологиялык, техникалык жана өнөр жай коопсуздугунун сакталышын көзөмөлдөө максатында уюштурулду.

Жыйынтыгында калдыктарды сактоочу жайлардын иштешинде бир катар мыйзам бузуулар аныкталды. Тиешелүү лицензиялык жана уруксат берүүчү документтердин жоктугу такталып, аларга карата тиешелүү чаралар көрүлө турганы маалым болду.

Ошондой эле өлкөнүн калдыктар кадастрын жаңылоо максатында, калдык сактоочу жайлардан тышкары тоо тектеринин калдыктары, өнөр жай полигондору, техногендик түзүлүштөр жана консервацияланган объектилердеги калдыктардын көлөмү да каралды.

Жаратылыш ресурстары министрлиги бул багыттагы көзөмөл иштерин күчөтөрүн эскертип, бардык тоо-кен компанияларын экологиялык мыйзамдарды так сактоого жана лицензияларды өз убагында алууга чакырды.