Чаткалда суулардын деңгээли көтөрүлүп, унаа жолдорун каптады

Аймак Загрузка... 11 Май 2026 16:33
IMG_8909.jpeg
copyright icon WWW

Бишкек, 11.05.26. /Кабар/. Чаткал районунда катуу жааган жаандын кесепетинен дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүп, унаа жолдорун суу каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 10-майда саат 14:10 чамасында жааган жаандан улам Терек-Сай суусунун деңгээли көтөрүлүп, Ала-Бука – Жаңы-Базар – Кировка унаа жолунун 37-чакырымын суу каптаган. Учурда жол ачык жана унаалардын өтүүсүнө эч кандай чектөөлөр жок.

Ошондой эле Касан-Сай суусунун да деңгээли көтөрүлүп, аталган унаа жолдун 30-чакырымындагы (Кош көпүрө тилкеси) жолго ашкан. Бул тилкеде да унаа кыймылы токтотулган эмес.

Кырсыктын кесепеттерин жоюу жана алдын алуу үчүн атайын техникалар тартылып, Терек-Сай жана Касан-Сай сууларынын жээктерин бекемдөө иштери жүргүзүлдү.