Чаткалда мугалим жетишсиздиги көйгөйү толугу менен чечилди

Аймак
Чаткалда мугалим жетишсиздиги көйгөйү толугу менен чечилди
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 25.10.26 /Кабар/. Чаткал районунда билим берүү тармагын өнүктүрүү, кадр жетишсиздигин жоюу жана окуу сапарын жогорулатуу багытында олуттуу жыйынтыктарга жетишилди. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында маалымдалды.

Маалыматка ылайык, акыркы жылдары аймакта төмөнкүдөй көрсөткүчтөр катталды:

  • Балдарды бала бакча менен камтуу көрсөткүчү 34,4 пайыздан 68,4 пайызга чейин кескин өстү.
  • Билим берүү системасындагы мугалимдердин жетишсиздиги 6дан 0гө кыскарып, толугу менен чечилди.
  • Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча райондун орточо упайы 126,6 баллды түзүп, үч окуучу 200дөн ашык упай топтогон.
  • 2026-жылы Ю. Гагарин атындагы мектептин музыка мугалими Абдырасул Сандыбаев “Мыкты мугалим” республикалык сынагында биринчи орунду ээлеп, 500 миң сом сыйлык алган.